БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде дипломатиялык номер тагылган автоунаа эки машина менен кагышкан. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Анын айтымында, окуя 2-мартта саат 18:00дөр чамасында болгон.
"Жол кырсыгы мен барганга чейин эле болуптур. Окуя болгон жерде Тез жардам менен Кайгуул милициясы иштеп жатыптыр. Дарыгерлер адам өмүрүнө зыян келбегендигин айтышты", — деди күбө.
Ал ошондой эле кырсык болгон учурда жолдор тайгалак болуп калганын баса белгиледи.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, анын чоо-жайы иликтенип жатканын маалымдашты.
Азырынча жол кырсыгына кабылган машина кайсы элчиликке таандык экени такталууда.