Бишкектин Чыгыш-5 аймагынан окуучу 5-кабаттан секирип кетти

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүЖилые дома района Сокольники
Жилые дома района Сокольники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык таңкы саат 4төр чамасында болгон.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Чыгыш-5 аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан 5-класстын окуучусу секирип кеткенин Бишкек ШИИБден тастыкташты. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык эртең менен саат 4-5тер чамасында болгон.

Окуучунун өлүмүн Тынч үй" ("Тихий дом") интернет оюну менен байланыштырышууда. Буга чейин Кыргызстандагы өспүрүмдөр социалдык тармактарда #морекитов, #тихийдом, #явигре, #разбудименяв420 деген хэштегдер менен билдирүүлөрдү бөлүшө баштаган

Өзүн Виктория деп тааныштырган үй-бүлөнүн кошунасы таңкы саат бештер чамасында подъездден чуркап түшүп бараткандардын дабышын укканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Андан кийин аялдын ыйлаганын укканын жана жерде бирөө жатканын кошумчалады.

"Коңшунун баласы 30-январда 15 жашка чыккан. Шаардагы №12 мектепте окучу. Ал өз өмүрүнө эмнеге кол салганы азырынча белгисиз. Үлгүлүү үй-бүлө болчу. Подъездден апасына жолугуп сүйлөшүп калдык. Окуя болор күндүн алдында күйөөсү баласы жана кызы менен Интернеттеги оюн тууралуу сүйлөшүптүр. Баласы ал оюнду ойнобой турганын айтып, бат эле кетип калыптыр", — деди ал.

Снимок с социальной сети Instagram пользователей с группы смерти хештегами море китов, тихий дом, хочу в игру, разбуди меня в 4.20 - Sputnik Кыргызстан
Өлүмгө "жетелеген" топтордон эси чыккан бишкектик ата-энелер кайрылуу жасашат
Баланын бөлмөсүндөгү жарык күйүп турганын эжеси биринчи көргөн. Апасы эшикти ачып баласы эмнеге эрте турганын сурайын деген экен деди кошунасы.

Виктория өспүрүмдүн бөлмөсүндө телефон калганын, аны ача албай коюшканын жана аппаратты милиция алып кеткенин кошумчалады.

Буга чейин РИА Новости агенттиги Россияда социалдык тармактарда өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн топтор өтө популярдуу болуп баштаганын жазган. Мисалы мындай чакырыктагы хэштег менен бир күндө "ВКонтакте" социалдык тармагында төрт миңдей билдирүү жарыяланган. Россияда расмий түрдө өз өмүрүнө кол салган 15 учур катталган. О дүйнө салгандар түрдүү "өлүм топторуна" мүчө болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0