Антальяда кыргызстандык кызды сабаган деген шек менен эки киши кармалды

© AP Photo / Moises CastilloЗадержание подозреваемого
Задержание подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк полициясы билдиргендей С.Ч. аттуу жаран кызды коммерциялык секс үчүн М.Й. аттуу жаранга сатканы аныкталган.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Антальяда кыргызстандык кызды сабап жолго ыргытып салган деген шек менен эки киши кармалганын Haberler сайты билдирди.

Снимок с видеохостинга Bulbul.kg пользователя turmush.  28-летний гражданин Кыргызстана Яхья Машрапов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаран Стамбулдагы терактыга тиешеси жок экенин айтты
Алынган маалыматтарга ылайык, Анталья — Коркутели жолунда эс-учун билбей жаткан жеринен бир кыз табылган. Жанында эч кандай документи жок болгондуктан, анын ким экени, кайсы мамлекеттин жараны экени белгисиз болчу. Мындан улам анын комада жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен. 

ТИМ аталган кыз 21 жаштагы кыргызстандык жаран экенин аныктап, көзүн ачканын кабарлаган.

Учурда кыргызстандык кыз Акдеңиз университетинде дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0