БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Антальяда кыргызстандык кызды сабап жолго ыргытып салган деген шек менен эки киши кармалганын Haberler сайты билдирди.
Алынган маалыматтарга ылайык, Анталья — Коркутели жолунда эс-учун билбей жаткан жеринен бир кыз табылган. Жанында эч кандай документи жок болгондуктан, анын ким экени, кайсы мамлекеттин жараны экени белгисиз болчу. Мындан улам анын комада жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен.
ТИМ аталган кыз 21 жаштагы кыргызстандык жаран экенин аныктап, көзүн ачканын кабарлаган.
Учурда кыргызстандык кыз Акдеңиз университетинде дарыланууда.