17:10 21 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Кишен. Архив

Эл аралык издөөдө жүргөн Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Дубайдан кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
22810

Адил Тойгонбаев 2005-жылкы март окуясынан кийин издөөгө алынган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Эл аралык издөөгө алынган Адил Тойгонбаев Интерпол аркылуу Дубайдан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы Интерполдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен билдирди.

Белгилей кетсек, Адил Тойгонбаев Казакстандын жараны, биринчи президент Аскар Акаевдин күйөө баласы болчу. Ал Бермет Акаевага үйлөнгөн эле.

Интерпол менен Бириккен Араб эмирлигинин укук коргоо органдары биргелешип жүргүзгөн издөө иш-чаранын жүрүшүндө Дубайдан 1966-жылы туулган Адил Тойганбаевди кармашкан.

Тойгонбаев 2005-жылы март окуясынан кийин эл аралык издөөгө алынган. Ал Акаевдин бийлиги учурунда бир катар мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирип алды деп айыпталган.

Ал ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан дагы издөөгө алынган болчу.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери тууралуу Sputnik Кыргызстан макаласынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Банк аркылуу пара алган "Сүлүктүкөмүрдүн" директорлор кеңешинин төрагасы кармалды
Пара алгандан кийин каза болгон медакадемиянын кызматкери буга чейин инфаркт болгон
Белгилер:
Интерпол, Адил Тойганбаев, Дубай

ЭҢ МААНИЛҮҮ