Лондондогу уюм "Кыргыз алтынды" ишенимдүү компаниялардын катарынан чыгарды

© AFP / ARNE DEDERTАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Мындай тизмеден чыгып калышы "Кыргыз алтындын" эл аралык баалуу металлдар рыногуна чыгуу жолуна бөгөт коюшу мүмкүн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарды. Мындай билдирүү уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Аталган чечим кечээ, 17-сентябрда, кабыл алынган. Анда ишкана жоопкерчиликтүү жабдуу программасынын талаптарын аткарбаганы белгиленди.

"Бул күндөн тарта аффинаждык заводдун продукциясы талаптагыдай жеткирүүчү катары кабыл алынбайт", — деп жазылган билдирүүдө.

Мындай тизмеден чыгып калышы "Кыргыз алтындын" эл аралык баалуу металлдар рыногуна чыгуу жолуна бөгөт коюшу мүмкүн. Ири банктар LMBA тизмесинде турган заводдордун продукциясына артыкчылык берет.

"Кыргыз алтын" ишканасы азырынча бул ассоциациянын маалыматына комментарий бере элек.

Кырдаал тууралуу кыскача

Июнь айында LMBA “Кыргыз алтын” тарабынан алдамчылык жасалышы мүмкүн делген фактыны карап жатканын билдирген. Анда канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы уюмдун иликтөөсүн кубаттай турганын айткан.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын колдогон жок
“Кыргыз алтынды” толугу менен кыргыз өкмөтү көзөмөлдөйт. Мындан улам алардын 29 миллион доллар каражатты жасалма төлөм инструкциясын колдонуу менен чыгарып кетүү аракети азыркы администрация жана аны менен бирге иштешип жаткандар биздин келишимди бузуп Кумтөр кенин экспроприациялап, активдерин басып алышынын бир мисалы болуп саналат”, — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин The Wall Street Journal каржылык кызматтарды көрсөтүү менен алектенген америкалык StoneX Group Inc. компаниясы "Кыргыз алтын" ААКсын 1 миллион долларга сотко бергенин жазган. Доо арыз Лондондогу соттордун биринде каралат. Басылманын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын май айында "Кыргыз алтын" жарым тонна алтындын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратып, 29 миллион долларды алууга аракет жасаган.

“Кыргыз алтын” мындай дооматтар чындыкка дал келбестигин айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0