Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок

© REUTERS / Ilya NaymushinАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Эгер үстүбүздөгү жыл менен өткөн жылдын жети айындагы маалыматтарды салыштыра турган болсок, ортодогу айырма 7 тонна 588,6 килограммды түзүүдө.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан июль айында бир дагы грамм алтын экспорттогон эмес.

Январь-июнь айындагы экспорт 4 тонна 141 килограмм 879,4 граммды түзгөн. Бул көлөм 234 миллион 909,7 миң долларга бааланган.

Тоодогу жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда чет элдик компания жол куруп жатабы? Расмий жооп
Алтындын экспорту боюнча январь-июль айындагы көрсөткүч ушул бойдон калган (4 тонна 141 килограмм 879,4 грамм). Статкомдун маалыматы боюнча, өткөн жылдын июль айында 1 тонна 390 килограмм баалуу металл сатылган.

Белгилей кетсек, июнь айында чет өлкөгө 6,2 килограмм алтын экспорттолгон.

Эгер үстүбүздөгү жыл (4,1 тоннадан ашык) менен өткөн жылдын жети айындагы (11,7 тонна) маалыматтарды салыштыра турган болсок, ортодогу айырма 7 тонна 588,6 килограммды түзүүдө. Башкача айтканда, быйыл январь-июль айынын аралыгында алтын 7,6 тоннага аз экспорттолгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги алтын сатуунун көлөмүнүн азайып кетишинин себебин сурап "Кумтөр голд компани" ишканасына кайрылды.

Экспорттун төмөндөшү боюнча божомол

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Кумтөр иши: Нью-Йорк соту Кыргызстанга санкция салуу арызын колдогон жок
Мамлекеттик органдар өткөн жылы эле 2021-жылы баалуу металлдарды казып алуунун көлөмү төмөндөй турганын болжогон. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кумтөр менен Талды-Булак-Сол-Жээк кенинин алтын азыраак жеринен казуу иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары, "Кыргыз алтын" өндүрүшүн консервациялоо күтүлүп жатат. Анткен менен Жер-Үй (ишке кирди) жана Чаарат кендерин иштетүү пландалып жаткан.

Эске салсак, май айында Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилген. Жаңы администрациянын берген маалыматына караганда, кен пландык режимде иштеп жатат жана казуу иштеринин көрсөткүчүн кармап турууга ниет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0