00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сары-Чат — Ээр-Таш коругунда чет элдик компания жол куруп жатабы? Расмий жооп

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТоодогу жолдо бараткан унаа. Архив
Тоодогу жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна кимдер жол салууга аракет кылганын, азыркы тапта ал жакта кырдаал кандай экенин сураштырды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна белгисиз адамдар уруксаты жок кирип, жол сала баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине эколог Александр Верещагин билдирди.

Бул тууралуу 11-сентябрда Facebook баракчасына пост да жазган. 

"Корукка жол салына баштаганын мага егерлер билдирип, сүрөттөрүн жиберди. Өзгөчө кайтаруудагы жайга уруксатсыз техникаларды алып кирип, эч кандай документи жок бир нече чакырым жол салынып кетиптир. Бул деген илбирс, аркарлар жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги жер да. Эмнеге бул адамдар өздөрү билгенин кылып жатат?" — деди Верещагин.
© Фото / предоставлено Александром ВерещагинымСтроительная техника в заповеднике Сары-Чат — Ээр-Таш в Иссык-Кульской области, где неизвестные ведут строительство дороги
Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна белгисиз адамдар уруксаты жок кирип, жол сала баштады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна белгисиз адамдар уруксаты жок кирип, жол сала баштады
© Фото / предоставлено Александром ВерещагинымСтроительная техника в заповеднике Сары-Чат — Ээр-Таш в Иссык-Кульской области, где неизвестные ведут строительство дороги
Бул тууралуу 11-сентябрда Facebook баракчасына пост да жазган, бирок билдирүүсү айрым адамдарга гана көрүнүп, башкаларга жеткиликсиз болуп жатат.  - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу 11-сентябрда Facebook баракчасына пост да жазган, бирок билдирүүсү айрым адамдарга гана көрүнүп, башкаларга жеткиликсиз болуп жатат.
1/2
Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна белгисиз адамдар уруксаты жок кирип, жол сала баштады
2/2
Бул тууралуу 11-сентябрда Facebook баракчасына пост да жазган, бирок билдирүүсү айрым адамдарга гана көрүнүп, башкаларга жеткиликсиз болуп жатат.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган коруктун жетекчилигине байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын териштирди. Сары-Чат — Ээр-Таш коругунун жетекчисинин орун басары Ишен Асакеев бул иш бир ай мурда эле токтотулганын билдирди.

Кен кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2019
Хэ Чен Юй, Джек Кристофер Ватсон, Джанг Хуа... Кен лицензияларын дагы кимдер алган
"Жолду "Жибек Жол Кен байлыгы" деген компания курмак экен. Кыргызстандан лицензия алып, өлкөдө алтынга чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, документтери толук экенин көрсөтүштү. Бирок бул өзгөчө кайтаруудагы жай болгондуктан, мыйзам боюнча, коруктун аймагына курулуш иштерин жасоого, жол салууга болбойт. Ошол себептен уруксат берген жокпуз, курулуш иштерин бир ай мурда эле токтотконбуз. Азыр техникасы Эңилчек айылында токтоп турат. Компания өкүлдөрү жогорку инстанциядан уруксат алууга аракет кылып жүрүшөт окшойт", — деди Асакеев.

Ал коруктун өйдө жагында Хан-Теңири улуттук паркы бар экенин айтып, бул жакта жаныбарлардын жолу жайгашканын белгиледи.

Жол курууга аракет кылган "Жибек Жол Кен байлыгы" компаниясы алтынга чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2016-жылы лицензия алганын компаниянын башкы инженери Марат Кудайбергенов билдирди. Юстиция министрлигинде аталган компания Jibek Jol Kenbailygy (Жибек Жол Кен байлыгы) деп катталган. Директору — Ли Чжиган.

"Компания лицензияны Жети-Өгүздөгү Ак-Шыйрак дарыясынын жээгинен алтынга геологиялык чалгындоо жүргүзүү максатында алган. Тиешелүү документтердин баары бар, жол салууга экспертизадан да өткөнбүз. Болгону ал жакка барчу жолдо корук бар экенин билбей калыптырбыз. Бир чакырым жол салынгандан кийин корук кызматкерлери "бул жакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт" деп айтышты. Негизи 14 чакырым жол куруу пландалган. Ал жакка барганда алтын болобу, болбойбу, белгисиз. Ал чалгындоо иштеринен кийин билинет. Эми биз корукту аттап өтө албай, ары эмес же бери эмес болуп ишибиз токтоп отуруп калдык", — деди Кудайбергенов.

Бул маселе боюнча экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү корук маселеси такталгандан кийин кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0