Эл аралык соттордо Centerra Gold Inc. компаниясына кандай доомат коюлууда

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Акылбек Жапаров парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Кыргызстан эл аралык сотторго кайрылууда Centerra Gold Inc. компаниясынан эмнени талап кылып жатканын айтты.
БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан эл аралык соттордо Centerra Gold Inc. компаниясына кандай доомат коюп жатканын санап берди.
Ушул тапта парламентте Кумтөрдү сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү депутаттардын суроосуна жооп берүүдө.
Анда депутат Дастан Бекешев Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясына соттордо утулуп калса кесепети кандай болорун сурады.
Жапаров алгач канадалык ишканага кандай дооматтар коюлуп жатканын айтты.
"Биз азырынча айып пул боюнча гана кайрылып жатабыз. Бул боюнча фактыларды качан гана болбосун далилдеп бере алабыз. Ишкана 183 миллион куб метр мөңгүнү талкалаган. Азыр суулардын булганышы боюнча дагы чыгымдарды карап жатабыз. Юристтер менен экологдор иштөөдө. Бул экология боюнча даярдык", — деди комиссия төрагасы.
Ал эми Нью-Йорк шаарындагы арбитраждык сотко кыргыз бийлиги салыкка байланыштуу кайрылмакчы.
Сөзүнүн аягында Жапаров Кыргызстан кайсы учурда утулуп калышы мүмкүн экенин айтты.
"Өкмөт 2009-келишимде Кумтөргө жактоочу болуп алган. Кимден болсо дагы коргоп турмак. Бирок жакында эле кыргызстандык жарандар компанияны сотко берип, 3 миллиард 86 миллион доллар өндүрүп алды. Эми канадалыктар өкмөткө силер биз тарапта болушуңар керек деген доомат коюп жатат. Бул боюнча дагы юристтер менен даярдануудабыз", — деди ал.
Эл өкүлү Бекешев Кыргызстан сотто утулуп калса кесепети кандай болору туурасында суроосуна жооп ала алган жок.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

ЖК депутаты  Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Кыргызстан Кумтөрдү иштетип кетүүгө даярбы? Жапаровдун жообу

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0