БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Индия Кыргызстандан чыккан экологиялык таза айыл чарба азыктарына кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.
Ал ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташуусунун келечеги жөнүндөгү конференцияга катышкан.
"Индия экологиялык таза продукцияга муктаж. Ал эми бизде бал, кургатылган жемиш, жер-жемиш сыяктуу таза азыктар арбын", — деди Исаев.
Бирок бул товарларды Индияга жеткирүүдө бажы коюмдары кымбат болгондуктан көйгөй жаралып жатканы айтылды. Дагы бир маселе — бул логистика. Ошентсе да аталган мамлекет Кыргызстан менен Борбор Азиядан жашылча-жемиш алууга кызыкдар.