Путиндин кайрылуусунун бир сапка сыйган урунттуу учурлары

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президенти Владимир Путин элине кайрылып, коронавирус менен күрөшүүнүн алдын ала жыйынтыгы, экономиканын абалы тууралуу айтты.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Телекайрылуу шейшемби күнү болду. Sputnik аны түз алып көрсөттү.

Путиндин кайрылуусунун бир сапка сыйган урунттуу учурлары:

  • биз өтө оор, татаал сыноого туруштук бердик
  • пандемия убакытты коронавируска чейинки жана коронавирустан кийинки мезгилге бөлдү
  • коронавирус менен күрөшүү чаралары он миңдеген өмүрлөрдү сактап калды
  • карантин өз убагында киргизилди, бул адам өмүрүн сактоого өбөлгө болду
  • бир катар аймактарда кырдаал оор бойдон калууда, бирок ыкчам жардам берүү механизми иштелип чыкты, эч ким кароосуз калбайт
  • коронавируска реакция кылуунун ийкемдүү модели — федералдык чаралар жана аймактарга кошумча укук берүү өзүн актады, аны башка өлкөлөр да пайдаланды
  • зарылдык жаралса абал оор аймактарга Россия түп көтөрүлө жардам берет
  • Россия коронавируска каршы натыйжалуу дары-дармектин өндүрүшүн жолго коё алды, мындай өлкөлөрдүн саны аз
  • биз эпидемияны чегинте алдык, бирок вирус мурдагыдай эле кооптуу
  • коронавирус вакцинасынын чыгышы маанилүү, бирок ал дартка толук даба боло албайт, инфекцияга бардык эрежелерди сактоо менен гана туруштук бере алабыз
  • РФ коронавируска жасалган тесттин саны боюнча алдыда, 17 миллион тест жасалды, мында оору жуктуруунун динамикасы төмөндөп бара жатканы байкалат
  • РФтин саламаттык сактоо системасы кыйын кырдаалда да мыкты иш алып бара аларын көрсөттү, башка мамлекеттерде клиникалардын толуп калышы адам өмүрүн алды
  • мамлекет медиктерди колдоо үчүн болгон аракетин жасап келди жана жасай бермекчи
  • эпидемияга каршы күрөш медиктердин иши сыяктуу эле уланууда
  • соцкызматкерлерге кошумча акы төлөөнү 15-сентябрга чейин улантууну сунуштайм
  • бул кырдаалдан сабак алыш керек, коронавирус чечилбеген көйгөйлөр бар экенин көрсөттү
  • жылына 5 миллиард рублдан көп акча тапкандар үчүн киреше салыгын 13 пайыздан 15 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштайм
  • салыкты көтөрүүдөн бюджетке жылына кошумча 60 миллиард рубль түшөт
  • бул каражат бюджетте чагылдырылып, сейрек кездешүүчү дартка чалдыккан балдарды дарылоого жумшалат
  • жумушсуздук көйгөйүнө бардык өлкөлөр тушукту, пандемиянын бул кесепети Россияны да кыйгап өткөн жок
  • коронавирус эпидемиясы дүйнөлүк соодага болуп көрбөгөндөй сокку урду, глобалдуу рецессия башталды
  • июнь айы үчүн балдарына төлөм алгандарга июлда да 10 миң рубль автоматтык түрдө берилет, кайрадан арыз жазуунун кереги жок
  • Россия башка өлкөлөргө салыштырмалуу жумушсуздукка белчесинен баткан жок
  • РФтин экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар
  • өкмөткө, Улуттук банкка 2021-жылы эмгек рыногун кризиске чейинки калыбына келтирүү үчүн чара көрүүнү тапшырам
  • жазында киргизилген чектөөлөр сакталат, бул элдин саламаттыгы үчүн зарыл
  • экономиканы жандантууга ойлонуп киришүү керек, мында элдин коопсуздугун сактап, бизнести ашыкча талаптар менен кыйнабоо зарыл
  • конституциялык жаңычылдыктар социалдык, экономикалык саясаттын натыйжалуу болушун шарттайт
  • конституцияга кирген өзгөртүүлөр эл макул болуп колдоо көрсөткөндө гана иштей баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0