Нефтинин арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этип жатат? Түшүндүрмө

© Sputnik / Антон ДенисовМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр нефть баасынын түшүп кетиши биздин өлкөгө эки тараптуу таасирин тийгизерин айтып, себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Дүйнөдө нефтиге болгон баанын түшүп кетиши Кыргызстанга оң дагы, терс дагы таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев учурдагы антикризистик аракеттер боюнча маалымат берип жатып айтты.

"Терс жагы — мунайдын арзандашы рублдин кунунун түшүп кетишине алып келди. Ал эми Кыргызстан Россия менен тыгыз экономикалык байланышта болгондуктан, мунун артынан сомдун долларга карата баасы дагы төмөндөдү", — деди Асрандиев.

Ал эми күйүүчү майдын аздандашы пайдалуу жагы катары бааланууда. Вице-премьердин айтымында, быйылкы жылдын январь-апрель айларында күйүүчү майдын чекене баасы 6-7 пайызга төмөндөдү.

Автозаправочные станции сети Газпромнефть на Симферопольском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Баасы дагы түшөрү айтылууда
"Өзгөчө дизель майынын баасы түшкөнү кубандырат. Бул нерсе айыл чарба иштерине бир топ жеңилдик болот. Ошондой эле көп колдонулган АИ-92 үлгүсүндөгү май дагы арзандады", — деди ал.

Мындан сырткары өкмөт мүчөсү жакында Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жолукканын, анда күйүүчү майга болгон баа дагы төмөндөөрү айтылганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл ОПЕК+ өлкөлөрүнүн келишими бузулуп, натыйжада Brent жана WTI маркаларынын наркы кыйла арзандаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0