Өлкөдөгү өзүн-өзү актай турган ГЭСтер кайсылар экени маалым болду

© Sputnik / Игорь АгеенкоСброс воды на Бурейской ГЭС
Сброс воды на Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин башчысынын орун басарынын айтымына караганда, алар канча электр кубатын бөлүп чыгарын жана чыгымдарын качан жабарын айтты.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Келечектүү делген ГЭСтердин катарына Папан, Киров жана Кара-Көл станциялары кирет. Бул туурасында Улуттук энергохолдингдин башкаруучулугунун төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов билдирди.

Ал мындай маалыматты жыл сайын өтүүчү "Борбор Азия менен Каспийдин гидроэнергетикасы" деп аталган IV конгресс-көргөзмөгө катышып жатып айтты. Аткаминердин маалыматына караганда, станциялардын төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрү бар:

  • Киров ГЭСи — наркы 23 миллион доллар, саатына 91,4 миллион киловатт электр кубатын иштеп чыгарат;
  • Папан ГЭСи — наркы 28 миллион доллар, саатына 106 миллион киловатт электр кубатын иштеп чыгарат;
  • Кара-Көл ГЭСи — наркы 20 миллион доллар, саатына 110 миллион киловатт электр кубатын иштеп чыгарат.

Исраилов бул чакан ГЭСтердин келечеги кең экендигин, алар өзүн-өзү 10 жылда актарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0