01:10 22 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
27 жашар Адилет Кеденовдун азыр төө минген убагы

Эрке элем, анан көргүлүктү көрдүм... Москвада бизнес империя түзгөн Адилеттин баяны

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
354960

27 жашар Адилет Кеденовдун азыр "төө минген" убагы, Москванын мыкты деп саналган аймактарындагы кальян жайлары ага таандык. Бирок бир нече жыл мурун эле ал бекеттерде түнөп күн өткөрчү. Өзү ошондогу жашоосун жолбун иттердикине салыштырат.

Sputnik Кыргызстандын редакциясында Адилеттики сымал демди ичке каттырган баяндар жаңыра элек болсо керек. Жаш ишкер Адилет Кеденов криминалдык өтмүшүнөн кантип кутулганын, Москвада кальян жайларынын түйүнүн кандайча ачканын төкпөй-чачпай айтып берди. Баса, анын бизнеси жүз доллар менен түптөлгөн. Болгону ал капыстан базардагы бир айымдын арзан металл жасалгаларын сатып жүргөнүн байкап калат...

— Бала чагыңыздан баян этсеңиз.

— Үй-бүлөбүз Россияга жер которгонунда мен беш жашта элем. Базарда ата-энемдин бир нече түйүнү бар эле, бара-бара алардын иши жүрүшүп, ийгиликтүү соодагерлерге айланышты. Мен "алтын жаштардын" бир өкүлү элем. Айтканымдын баары аткарылчу, сураганымдын баары сатып берилчү. Бишкек, Ошто бир нече батирибиз, үч жүз чакты бодо малыбыз бар болчу.

Канча бир убак эч нерседен капарсыз жашадык. Ал учурда бизнестин баары жарым-жартылай мыйзамсыз эле. Атам Кытайдан товар алдыруу үчүн ири суммада карыз алат. Бирок жүк чек арадан өтпөй калып, биз сызга отуруп калдык. Ошондо 14кө чыккан кезим болчу.

Үйдөн башкасынын баарын сатууга туура келди. Ипотекага алынгандыктан, аны ала алышпады. Банкроттук биздин үй-бүлөгө да доо кетирди, атам менен апам эки жыл өтпөй эки бөлөк жолго түштү. Карызды тең экиге бөлүштү. Апам менен калдым, үйгө доочулар келе баштады. Эрке-талтаң өспүрүм көз ачып-жумганча тереңге кулагандай эле болду.

Бир жолкусунда үч эркек киши келди. Апам менен сүйлөшкөндөрүн угуп, чыдап тура албадым. Андайды эч бир уул көтөрө албайт болчу! Ошол убакта күрөшкө катышчумун, Оренбург шаарынын намысын да мелдештерде коргоп жүргөм. Ошентип доочуларды сабап салдым.

Залда чогуу машыккан балдар жардам беришти. Ал доочулар олуттуу кишилер экен, маселени милиция аркылуу чечишти. Акырындап мен алардын ишенимине кирдим, кийинчерээк акчаны мага дал ошолор беришти.

Владелец сети кальянных в Москве Адилет Кеденов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мен "алтын жаштардын" бир өкүлү элем. Айтканымдын баары аткарылчу, сураганымдын баары сатып берилчү.

— Бизнесиңиздин башаты кандай эле?

— 18демин, жашмын, курчмун, карыздын баарын заматта жаап коем деп ойлогом. Оренбургдан анчалык ыраак эмес жерде Соль-Илецк көлү жайгашкан, ал жакка жайкысын 3 миллиондун тегерегинде турист келет. Ошончо адамды болгону 17 гана кафе тейлейт! Бул эң сонун булак экенин туюп, тамактануучу жайды тезинен ачайын дедим.

Досторумдан бир топ эле оор шартта — ай сайын 10 пайыз төлөй турган болуп 1,5 миллион рубль карызга алдым. Итим чөп жеп, ишим жүрүшүп кетчүдөй сезилген! Бирок чоң катачылык кетирип, жерди туура эмес тандапмын. 16 кафе бир катарда, он жетинчиси өзүнчө жайгашкан. Дал ошол обочо турган кафени ижарага алдым да, сызга отуруп калдым. Негизи эле туура тандалган жер — ийгиликтин 50 пайызы экен да, көрсө.

Андан тышкары, кафе ишин өзүм таптакыр көзөмөлгө албай коюпмун, ашпозчулар да, меймандар да өздөрү менен өздөрү болуп калыптыр. Үстөккө-босток болуп, карызыбызга дагы миллион рубль кошулду. Пайыз түрүндө эле ай сайын 100 миң рублдан төлөшүм керек эле... Анүчүн канча акча табышым керек болгондугун элестетип эле көрүңүз.

— Кийинки кадамыңыз ийгиликтүү болгондур?..

— Андай деле болуп кетпеди. Аргам түгөнүп акча табууга жан үрөгөн сайын карызга белчеден бата бердим. Маселен, Россияга Кыргызстандан жаңгак ташууну чечтим, азербайжандык сатып алуучуну таптым. Жаңгактын килосун 200 сомдон алып, 500 рублден сатып, бардык карыздарымдан кутулам деген кыялга жетеленгем.

Ал бизнестин күңгөй-тескейи түмөн экенин кайдан билипмин! Көлөмүнө жараша өлчөнгөн жаңгактын анык бир сорту керек экен. Соңунда сатып алуучу товарга карап: "Муну ала албайм. Эң көп 300 рублден гана бере алам. Кааласаң, 300дөн алайын" – деп мурдун чүйрүдү. Башка бир берешен сатып алуучуну табам деген үмүттө анын сунушунан баш тарттым. Зыян тартып калбоо үчүн ал айткан баа деле жетишерлик эле...

Катуу жаңылыпмын, көрсө, эч ким ал жаңгакты кургатпаптыр. Товар эки апта складда жатып калат. Барганда көргөн көздөрүмө ишене албадым, жаңгактын баары көгөрүп, желе басып кетиптир. Дагы сызга отуруп калдым...

Жашым 21де, ал эми карызым беш миллион рублден ашуун, ошол убактагы курс менен 200 миң доллардын тегереги. Керебетте апамдын башын кучактап жатканым эсимде. Апам мага: "Уулум, бул балээден качандыр бир чындап кутулар күнүбүз болобу?" – деп суроо салган. Анан экөөбүз тең ыйлаганыбызды унутпайм...

Владелец сети кальянных в Москве Адилет Кеденов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акчанын артынан түшүп албагыла. Бизнес-тренингге барып, сезимдерине ээ боло албай үйүн күрөөгө коюп, 3 миллион рубль карыздап, кийин турак жайынан айрылып, аялы кетип калган кишини таанычумун. Ызасына чыдабай өз жанын кыйган.

— Көчөдө түнөп жүргөнүңүз да чынбы?

— Ооба, ошол убакта карындашым менен инимди алып апам Кыргызстанга кеткен, бир жылдай ипотеканы төлөгөн жокпуз. Үйгө сот аткаруучулар келип, мени чыгарып салышты.

Барар жерим, баш калкалар жайым да, чөнтөгүмдө акчам да жок. Эжелерибиздикине барып, бир-эки апта жашап турууга уруксат сурадым. Ал мага: "Көйгөй ээрчитип басып жүрөсүң. Меникинде жашашыңды, мага да балээ чакырышыңды каалабайм", – деп үйүнө киргизбей койду. Балким, анын ою да көп жагынан туура болгондур...

Башка бир тууганыбызга кайрылдым, анан жакын досума… Эч ким эшигин ачпады. Өзүмдөн өзүм уялдым. Кечээ эле чириген бай үй-бүлөнүн уулу элем, бүгүн жолбун ит сымал "Мени үйүңөргө киргизгилечи" деп жалбарып жүрөм...

Октябрдын суук күндөрү. Бир нече түн бекетте милиционер кубалаганча жашап жүрдүм. Үй-жайсыз киши катары көрүп, мени тепкилеп, ал жактагы орундуктарга уктоого болбой тургандыгын айткан. Жердештерим тамакка бир аз акча беришкен...

Төртүнчү күн дегенде мурда машыккан залга жуунуп алайын деген ой менен гана баргам. Балдар менин акыбалымды дароо байкап эмне болгонун сурашты.

Болушунча куладым, жашырганда эмне деп баарын ачык айтып бердим. Ал жакта эки бир тууган: Дима жана Влад Кабановдор машыкчу. Алар Оренбургдагы эң сыйлуу "Ростоши" деген райондо турушчу. Ал жакта бир үйү бош экенин айтып: "Акчанын деле кереги жок. Кааласаң, бир жыл жаша. Турак жай тапканда, чыгасың да", – дешти. Аны укканда буулуга түштүм, ичимден ыйга муунуп турган элем.

— Мунун баарына кантип чыдадыңыз?

— Бир окуя болду... Эч бир жанга айткан жок элем. Мен турмуштун сыноосуна туруштук бере албай калдым. Ошол күнү жакындарыма керээзимди жазып, бир кадам жасадым. Абдан жаман бир ишке бардым...

Ошондо мага капыстан агам келди. Ал унаа жуучу жайда иштечү, ошол күнү кудай жалгап нөөмөтү жылып калат. Канжалап жаткан мени көрүп, жаакка бир чапты да, ооруканага алып жөнөдү. Анын аркасы менен акыры мечитке бара баштадым.

Өтө акылман бир имамга туш болдум. Карыз акча алып жүргөн кишилерден оолакташым керектигин ошол киши айтып түшүндүрдү. Себеби аларга көп барып, маселе чечкеним аз эмес эле... Акым үчүн өндүрүлгөн акчанын бир бөлүгүн алчумун.

Болгон кайратымды топтоп ал балдарга келдим. Алардын арасынан суурулуп чыгуу оңой эместигин тегин жерден айтышпайт да. Кеп алардын жазалаганында эмес. Сен алдыларына барып, көздөрүнө көрүнгөн топтор бар, эгер сен өз үйүрүңдөн алыстасаң, бөтөн кишилер сени соо койбойт. Кудай жалгап, ал балдар абалымды түшүнүп, сый коштоштук. Тек гана баягы карыз дале мойнумда...

— Доочулардын доосунан кантип кутулдуңуз?

— Оңой болгон жок. Имам мага: "Сен үйлөнүшүң керек. Жаш жигитсиң, ушинтип жүрө берсең, эртели-кеч жолуңдан адашасың", – деди. Анын айткандарына муюп, колукту издей баштадым.

Кыргызстанга поезд менен бет алдым. Учак билетин алууга чамам келген эмес. Поезддеги коштоочу менен жең ичинен макулдашып, Оренбургдан Бишкекке миң рубль менен тымызын келдим. Кара-Суу шаарында агамдын үйлөнүү үлпөтү өтмөк, балким, тойдон болочок келинчегимди кезиктирермин деп үмүт арткам.

Агаларыбыз менен кийим-кечек базарына барганбыз. Жанымдан өтүп кеткен бир кызды көрүп, эстен тангандай болдум. Аябай таанышкым келди, бирок байкемден тартындым. Ошондо Жаратканга: "Эгер дагы бир ирет аны жолуктура турган болсом, кандай кыз болсо да баш кошом!" – деп убада бердим.

Кечинде үйлөнүү той. Эжелерибиздин биринен мени жакшы кыз менен тааныштыруусун өтүндүм. Ошондо ал: "Бизде бир адат бар, эгер кызды жактырып калсаң, колунан кармап алып, эч кое бербешиң керек. Ал каршы чыкса да колун кое бербе! Антпесең, таптакыр жоготосуң аны", – деди. Жөн гана тамашалаганын кайдан билипмин анда!?

Болочок жеңем отурган бөлмөгө киргенимде базардан көргөн кыз маңдайымда турат десеңиз. Дендароо боло түштүм! Эмне болсо ошол болсун дедимби, колунан катуу кармап алдым. "Дени-кардың сообу? Байкеме айтам, колуңду тарт!" – деп кыйкырып жатты. Бирок таптакыр кое бербей койдум. Ошентип жарым жыл өтпөй баш коштук.

Владелец сети кальянных в Москве Адилет Кеденов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Үйгө сот аткаруучулар келип, мени чыгарып салышты. Барар жерим, баш калкалар жайым да, чөнтөгүмдө акчам да жок

— Миллиондогон карызыңыз бар экенин билип туруп, сизге турмушка чыгууга макул болдубу?

— Ал билген деле эмес. Аны менен таанышканымдан тарта ишим оңоло баштады. Оренбургга бир бардым ортодо. Бишкектен "Дордой" базарына барып, бир сатуучуну байкадым. Анын кымындай тактасын тегеректеген эле аялдар.

Көрсө, ал "Дубай алтыны" деген арзан жасалгаларды сатат экен. Алтындын аныгынан эч айырмаланбайт. Маселен, конокко баратасыз дейли, байлыгыңыз менен баарын таңгалдыргыңыз келет, бирок акчаңыз гана жок. Кымбат баалуусунан эч айырмаланбаган, бир манжалык калыңдыктагы чынжырчаны сатып алууга эмнеге болбосун?

Сатуучу эжеге келип, Россиядан келген ишкермин, ушундай жасалгаларды дүңүнөн сатып аларымды айттым. Өз баасын айтты, ал болгону жүз сом турган чынжырчаны миң сомдон сатат экен! Шакектин дүң баасы — 60 сом, бир даанасы 500 сомдон сатылат. Башка дагы кайсы бизнестен мындай пайда түшөт?!

Сатуучуга дүңүнөн сатып аларымды айтып, акыркы жүз долларымды сундум. Ал таңыркай: "Ай бала, дүң соода 50 миң рублден башталат. Акылыңдан айныдыңбы сен?"- деди. Абалдан чыгуунун амалын издей: "Чоң кыз, сиздердин сапат кандай экенин билбей туруп, 50 миң сарптай албайм да мен! Бара турган жерге жетпей, жолдон эле боегу бүт сыйрылып калса, эмне кылам?" - дедим. Акыры ал мага 100 долларга эле дүң баада сатууга көндү.

Чындап эле ал менин акыркы акчам эле, андан тышкары, Оренбургга жетип алышым керек. Аябай бай турган тууганыбызга жол киреге 2000 сом карыз сурап кайрылсам, ал: "Акча тапканды үйрөнбөсөң, сен байыбайсың", – деп баш тартты. Ал убакта андай мамилеге, саткынчылыкка көнүп деле бүткөм, жылмайып гана тим болдум.

Бекетте поезддин коштоочусу менен жол кирени кийин бермекчи болуп сүйлөштүм. Оренбургга чейин үч күн жол жүрөбүз. Ошол үч күн бою мен тек гана жанагы коштоочудан жалбарып сурап алган үч пакет кесме (тез даярдалчу) менен гана тамактандым.

— Оренбургдан ал жасалгалардын баарын сата алдыңызбы анан?

— Ооба. Оренбургда ушул столчолук (биз маектешкен столду көрсөтө — ред.) кичинекей ордубуз бар эле. Апам экөөбүз аларды жайып, сатуучуларды күттүк. Ишенбешиңиз мүмкүн, бирок биринчи эле күнү товардын жарымын сатып, 400 доллар таптык! Жанагы шакек, чынжырчалар 15-20 эсеге кымбат сатылып, сатып алуучулардын да эч дооматы болбоду!

Бардык пайданы коштоочу аркылуу Бишкектеги карындашыма жөнөттүм. Ал жолдошу менен бирге барып, товардын жаңы партиясын бизге салды. Ошентип биздин иш башталып кетти.

Акырындап бир нече шаарга түйүндөрүбүздү ачтык, Кытайдан түз сатып ала баштадык. Биздин товар айлантуу айына 30 миллион долларга чыкты! Бул көрүнүш бир-эки жылга созулду, 2016-жылдан баштап сатыктын көлөмү төмөндөп баратты. Ошондо ал бизнесимдин күнү бүткөнүн түшүндүм.

— Кальян жайларын ачууга кандайча кириштиңиз?

— Оренбургдагы бир досума баргам. Ошол маалда ал "Москва-сити" эл аралык бизнес борборунда иштечү. Кальян жайда Москва калаасына суктанып отурганбыз, анан эле досум "ушундай жай ачпайсыңбы" деп сунуштап калды. "Кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеримди билесиң, бул багыттагы бардык баадан кабардармын. Имаратты жакшы баага таап берем", – дебеспи.

Баарын эсептеп чыгып, кальян борборун ачууга болгону миллион рубль керектелерин билдик, Москва үчүн ал — болбогон сумма. Мисалы, азыр Бишкекте да ачып жатабыз, 300 миң доллар жумшоого туура келди.

Бир аптадан кийин досум "Москва-ситиден" кеңсе имаратын тапты. Дубалдарын сырдап, эски стол, диван сатып алдык. Алгач меймандарды өзүбүз тейлеп жүрдүк. Элге жакты! Алар таңдана: "Мында өзгөчөлөнгөн эч нерсе деле жок, бирок имараттын адамды тартып турган бир нерсеси бар", – деп көп айтышчу.

Келгендерди кыргыздын меймандостугуна сала тосуп алчумун. Москвада бир жайга кирсең, сени мостойгон же мисирейген бирөө тосуп алганы кадыресе көрүнүш. Биздин эң башкы эреже — ар бир кызматкер меймандарды жылмайып тосуп алууга тийиш. Эгер жылмайбасаң, анда иштен айдаласың.

Балким бул сиздерге өтө катаал, ал тургай, болбогон бир тартип туюлар, бирок кызматкерлериме жогорку маяна бергеним үчүн мындай талап коюуга акым бар. Алардын маянасы жүз миң рублден жогору. Оюма келгенди кылган киши эмесмин, болгону ар бир кардар ыраазы болуп кетүүгө тийиш деп эсептейм.

Кийин Жаңы Арбатта дагы бир жай ачтык, ал Москванын күрөө тамырындай, киши дайым көп. Алгачкы күнү эле бардык столдор толду! Жаңы Арбаттагы жайыбыз беш айда эле өзүн актады.

Биздин кальян жайларыбызда баа да чөнтөккө төп. Эгер коңшу ресторандарда эки кишинин эсеби 15-20 миң рублден аша турган болсо, бизде 3-4 миң гана коротот.

Азыркы тапта беш кальян жайыбыз иштейт. Дагы бир нече жайды: Сочи, Набережные Челны, Бишкек, Алматы жана Дубайда ачабыз деп чамынып турабыз. Жайында Москва-дайрадагы эң чоң жеринен кеме ижарага алайын деп пландадым.

— Сизди доллар менен өлчөнгөн миллионер деп атоого болобу?

— "Миллионер" деген сөздү жактыра бербейм, текеберчиликтей туюлат. Эгер жылдык кирешемди, бүт мүлкүмдү эсептесек, балким, миллион доллар чыгар. Болгону, тапканымдын баары бизнести өнүктүрүүгө жумшалат.

Чыгымдарым болжол менен айына 15 миң долларды чапчыйт, апама, иниме көмөктөшөм. Бала бакчага эле айына 150 миң рубль кетет.

Ошону менен бирге эле башка адамдарга да жардамдашуу зарыл. Тез көтөрүлүп, бачым байып, анан чалынып "Неге мени баары сатып кетти?" деп наалыган кишилерди көп көрдүм. Сыры эмнеде? Эмнеде болсун сыры, демек, сен кезегинде эч кимге көмөктөшкөн эмессиң!

Бир жолу Инстаграмга ырчы Анна Седакова, "Кечки Урганттагы" актриса Алла Михеева жана "Пусть говорят" берүүсүнүн алып баруучусу Дмитрий Борисов менен караокеде отурган сүрөтүмдү койдум. Анан бир жигит: "Оу, мындай жылдыздар өз деңгээлиндеги кишилер менен гана сүйлөшөт экен десе!" – деген пикирин жазыптыр.

Мындай сөздөр мени жийиркентти. Ал кишилер менден эч нерсеси менен айырмаланбайт! Бишкектик студент сымал эле менден мыкты да, менден кем да эмес. Ооба, балким, бирөө бардар турар, бирок эртең эле ал карызга батып, болгон байлыгынан айрылбай турганына кепилдик жок.

Бардык адамдар бирдей. Биздин жайлардын биринин ачылышында Ольга Бузова ырдаган. Азыр да сүйлөшүп турабыз, кээде телефон чалып, кальян жеткирип берүүбүздү өтүнөт. Бишкектеги жайдын ачылышына MBAND тобунун солисти Анатолий Цой катышууга убада берген.

— Жаш ишкерлерге эмне деп кеңеш берер элеңиз?

— Акчанын артынан түшүп албагыла. Бизнес-тренингге барып, сезимдерине ээ боло албай үйүн күрөөгө коюп, 3 миллион рубль карыздап, кийин турак жайынан айрылып, аялы кетип калган кишини таанычумун. Ызасына чыдабай өз жанын кыйган.

Майдадан баштаңыз. Аз акча менен иштей албасаңыз, миллиондорду кантип айландырасыз? Менин бизнесим 100 доллар менен башталган, андыктан, бул айтканым куру кеп эмес!

Белгилер:
ипотекалык насыя, карыз, акча, бизнес, ийгилик

ЭҢ МААНИЛҮҮ