Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Доха
Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25 жаштагы Жаангер Кудуретов учурда Катар улуттук банкы менен келишим түзүп, күндүз тренингдерге катышса, кечкисин өз жумушунда иштейт.

Бир нече жыл мурун Москвада көчө шыпырган жигит бүгүн дүйнөдөгү ири финансылык мекемеде иштөө алдында турат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жердеги мекендешибиз менен маек курду.

— Учурда Доха шаарында эмне иш менен алектенип жатасыз?

— Катардын улуттук банкы менен келишим түзүп, эми жумушка кирем. Алардын талабы боюнча эки ай атайын тренингден өтүү керек. Азыр күндүз ал жакка барып окуп, кечкисин мурдагы жумушумда иштеп жатам. Анткени ал ишимде кете турганымды кабарлагандан кийин бир ай иштеп беришим керек. 

© Фото / предоставлено Жаангером Кудуретовым25 жаштагы Жаангер Кудуретов учурда Катар улуттук банкы менен келишим түзүп, күндүз тренингдерге катышса, кечкисин өз жумушунда иштейт.
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек - Sputnik Кыргызстан
25 жаштагы Жаангер Кудуретов учурда Катар улуттук банкы менен келишим түзүп, күндүз тренингдерге катышса, кечкисин өз жумушунда иштейт.

— Катар мамлекетинде жүргөнүңүзгө канча болуп калды, кандай жумуштарда иштедиңиз?

Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги
— Бул өлкөгө келгениме эки жыл төрт ай болду. Ага чейин Ошто студент болуп жүргөндө эл катары Москвага иштегени барып калдым. Ал жактан англис, корей тилин үйрөндүм. Ошол учурда мага Корея, Европа өлкөлөрүнө жана Катарга баруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Катарды тандап, алгач алты айдай официант болдум. Бул жакта өзүңдү көрсөтө алсаң бат эле көтөрүлүп кетесиң, бир жылдан кийин ресторандын администратору болдум. Ал жактан чоңураак ресторанга ошол эле кызматка чакырышты, айлыгы 2000 долларга чейин болчу. Бирок өзүм банк тармагында иштөөнү кыялданчумун. Ош мамлекеттик университетин бизнес жана менеджмент факультетин аяктагам. Жаңы кире турган банк Араб өлкөлөрүнүн ичинде эң ири финансылык мекемелердин бири жана Катардын экономикалык түркүгү болуп саналат. Аны менен эки жума мурун келишим түздүм, буюрса, бул жакта чоң максаттар бар.

— Москвада жүргөндө эмне жумуштарда иштечү элеңиз?

— Өзүм Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынан болом. Атамдын ден соолугу кичине начарлап, жардам керек болуп калды. Бир учурда эле окуп, иштегеним дагы ошондон болду. Алгач курьер болуп, кийин көчө шыпырып, кышында муз чагып иштеп калдым. Эсимде, Казань вокзалында отуруп бир күнү "жашоом ушинтип эле өтүп кетеби" деп ойлондум. Анан ал жактан жөн жүрбөй тил үйрөнө баштадым. Ошентип, англис тилин акча коротпой, курстарга барбай эле үйдө өз алдымча эле үйрөндүм. Интернеттен кино сабактарды көрүп эркин сүйлөй баштагам. Корей тилин болсо атайын курстарга барып жүрүп үйрөндүм. Учурда орус, түрк, англис, корей тилинде эркин сүйлөйм, азыр араб тилин да үйрөнүп жатам. 

© Фото / предоставлено Жаангером КудуретовымЖаангер Кудуретов: Москвада алгач курьер болуп, кийин көчө шыпырып, кышында муз чагып иштеп калдым. Эсимде, Казань вокзалында отуруп бир күнү "жашоом ушинтип эле өтүп кетеби" деп ойлондум. Анан ал жактан жөн жүрбөй тил үйрөнө баштадым.
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек - Sputnik Кыргызстан
Жаангер Кудуретов: Москвада алгач курьер болуп, кийин көчө шыпырып, кышында муз чагып иштеп калдым. Эсимде, Казань вокзалында отуруп бир күнү "жашоом ушинтип эле өтүп кетеби" деп ойлондум. Анан ал жактан жөн жүрбөй тил үйрөнө баштадым.

— Анан Россиядан эле түз Катарга кетип калдыңызбы?

Предприниматель Алмаз Арапов - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек
— Москвадан ооруп калып Кыргызстанга келгем. Жакшы болгондон кайра эле Россияга кетмекмин, бирок такыр баргым келбей, жашоону башка нукка бурууну кааладым. Документтеримди Катардын банкына жөнөтүп жибердим. Ошол кезде Катарга барып иштейм десем көбү ишенбей коюшту. "Сен аны кыла албайсың, колуңан келбейт" деген сөздөрдү уккан сайын туура жолдо бара жатыпмын деген чечим чыгардым. Катар улуттук банкына орношуу үчүн өзүмдүн эсептөөм боюнча эки жылдай жооп күтмөкмүн. Алар сегиз айдан кийин эле "өттүңүз" деп кат жиберишти. Башында ишене албай жүрдүм.

— Кыргызстандын дипломун тааныштыбы же кыйынчылыктар болдубу?

— Биздин дипломду легалдаштыруу өтө кыйын нерсе экен. Документти араб тилине которгон соң элчилик жардам берди. Аны Катардын Тышкы иштер министрлигине көтөрүп барсам, "базадан Кыргызстан чыккан жок" дешти. Көрсө, котормодон ката кетиптир. Дипломду эки жума текшеришип, анан гана Катарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн алдым. 

© Фото / предоставлено Жаангером КудуретовымКудуретов: биздин дипломду легалдаштыруу өтө кыйын нерсе экен. Документти араб тилине которгон соң элчилик жардам берди. Аны Катардын Тышкы иштер министрлигине көтөрүп барсам, "базадан Кыргызстан чыккан жок" дешти. Көрсө, котормодон ката кетиптир. Дипломду эки жума текшеришип, анан гана Катарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн алдым.
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек - Sputnik Кыргызстан
Кудуретов: биздин дипломду легалдаштыруу өтө кыйын нерсе экен. Документти араб тилине которгон соң элчилик жардам берди. Аны Катардын Тышкы иштер министрлигине көтөрүп барсам, "базадан Кыргызстан чыккан жок" дешти. Көрсө, котормодон ката кетиптир. Дипломду эки жума текшеришип, анан гана Катарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн алдым.

— Сыртта иштеген жаш мекендештерибиз көп. Сиз өзүңүздүн аракетиңиз, тырышчаактыгыңыз менен көпчүлүккө үлгү боло алат экенсиз.

— Эң негизгиси — адамда каалоо болушу керек. Ошол нерсе көптү жасатып, максаттарыңды эске салып, ойготуп турат экен. Мен тил үйрөнүп жүргөндө кечинде жаттаган жаңы сөздөрүмдү эртең менен сөзсүз кайталачумун. Күнүнө 10-15 сөз жаттап, анан өз алдымча акырындык менен грамматиканы үйрөнүп баштадым. Кинону чет тилде көрүп, толук түшүнгөндө аябай сүйүнгөм. Ошко барганда атайын индиялыктар менен жолугуп, сүйлөшүп жүрдүм. Албетте, чет өлкөдө мүмкүнчүлүктөр көп, ошолорду пайдалануу үчүн билим алуу керек. Мисалы, мен Катарга жетүү үчүн иштеп дагы, окуп дагы бир жыл алты ай аракетин көргөм. Кыялдарды калтырбай орундатуу зарыл.

— Катарда ишкерлик менен алектенген мекендештер барбы? Арабдарды өзүбүздүн продукциябыз менен канткенде кызыктыра алабыз?

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Калыйбек Тагаев: немистердин өлгөн балдарынын кийимин жыртып чоңойдук
— Бул жакта өзгөчө азык-түлүк өтө катуу текшерилет. Мыйзам иштейт, товарлар Катардын бажыдагы лабораториясынан өтүп, андан соң гана чек ара аркылуу өткөрүлөт. Алар баасына анча деле маани бербейт, сапатына басым жасашат. Анткени ал жерде көп нерсе өспөйт, бүт баары сырттан келет. Мисалы, Кыргызстандын балын, кургатылган мөмө-жемиштерин баалашат. Аны бир жолу бул жакка алып келдик эле, кайра-кайра сурап жатышат, жагып калыптыр. Андыктан өлкөбүздү жакшы жагынан көргөзүп, сапатка көңүл буруп, жарнаманы колго алышыбыз керек. 

© Фото / предоставлено Жаангером КудуретовымКудуретов: Катарда өзгөчө азык-түлүк өтө катуу текшерилет. Мыйзам иштейт, товарлар Катардын бажыдагы лабораториясынан өтүп, андан соң гана чек ара аркылуу өткөрүлөт. Алар баасына анча деле маани бербейт, сапатына басым жасашат.
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек - Sputnik Кыргызстан
Кудуретов: Катарда өзгөчө азык-түлүк өтө катуу текшерилет. Мыйзам иштейт, товарлар Катардын бажыдагы лабораториясынан өтүп, андан соң гана чек ара аркылуу өткөрүлөт. Алар баасына анча деле маани бербейт, сапатына басым жасашат.

— Сиз дагы башкалар сыяктуу чет жактан тажрыйба алып Кыргызстанга келем деп жүргөндүрсүз. Кичи мекениңизге кайтып келүү планыңызда барбы?

— Азыр 25 жаштамын. Катар улуттук банкы дүйнөдөгү эң чоң компаниялардын бири болгондуктан ал жактан болушунча тажрыйба топтоюн деп жатам. Орто Азия өлкөлөрүнөн мен биринчилерден болуп кирүүдөмүн. КМШ мамлекеттери ичинен бир украиналык экөөбүзбүз. Келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө жардам берүү ниетим күч. Бул жакта дүйнөлүк деңгээлдеги тажрыйба алса болот, банкта Америка, Европадан келгендер көп иштешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0