Мигранттардын 2005-жылдан берки салган акчасы айтылды. График

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты России
Денежные купюры и монеты России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет жакта иштеп жүргөндөрдүн Кыргызстанга жиберген каражаты өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 2005-жылдан бери Россиядан Кыргызстанга 21 миллиард долларга чукул каражат которулганы Улуттук банктын ачык булактарында айтылат.

Эскерте кетсек, мигранттардын салган акчасы өлкөнүн ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

2005-жылдан былтыркы жылдын ноябрына чейин жеке тараптар Кыргызстанга 21 миллиард 734 миллион 790 миң доллар жөнөткөн.

Келген каражаттын ири бөлүгү — 20 миллиард 844 миллион 490 миң доллары Россиядан. Рекорддуу көрсөткүч 2017-жылга таандык, ал жылы РФтен 2,4 миллард доллардан ашуун акча которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0