Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо үчүн Кытайдан техника алып келинди

© Фото / пресс-служба Минтранса КРСпецтехника для реконструкции автотрассы Бишкек — Кара-Балта
Спецтехника для реконструкции автотрассы Бишкек — Кара-Балта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду оңдоо иштерине 78 жумушчу жана 45 техника тартылат

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кытайдан атайын техника алып келингени тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба Минтранса КРБишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кытайдан атайын техника алып келинди
Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кытайдан атайын техника алып келинди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кытайдан атайын техника алып келинди
© Фото / пресс-служба Минтранса КРБашкы подрядчы Сhina Railway №5 Кыргызстанга ар кандай функцияларды аткарган 45 техниканы жеткирди.
Башкы подрядчы Сhina Railway №5 Кыргызстанга ар кандай функцияларды аткарган 45 техниканы жеткирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Башкы подрядчы Сhina Railway №5 Кыргызстанга ар кандай функцияларды аткарган 45 техниканы жеткирди.
1/2
Бишкек — Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кытайдан атайын техника алып келинди
2/2
Башкы подрядчы Сhina Railway №5 Кыргызстанга ар кандай функцияларды аткарган 45 техниканы жеткирди.

Башкы подрядчы Сhina Railway №5 Кыргызстанга ар кандай функцияларды аткарган 45 техниканы жеткирди. Реконструкция ишине бардыгы болуп 78 кызматкер тартылат. Анын 27си — чет өлкөлүк, 51и жергиликтүү элден алынат.

Жолду кеңейтүү үчүн жалпы жонунан үч миңге жакын бакты кыюуга туура келет, бүгүнкү күндө 20дан ашык дарак алынды. Алардын ордуна 4,3 миң көчөт отургузуу пландалып жатат.

Ысык-Көл облусунун Тамчы — Бактуу Долоноту жолунун 38 чакырымы 15-июнга чейин бүтөт - Sputnik Кыргызстан
Министр Тамчы — Бактуу Долоноту жолу 15-июнга чейин бүтөрүн убадалады
Мындан ташыкары, жолдун жээгинде жайгашкан 200 объект ордунан алынмакчы. Алардын ээлерине компенсация иретинде 2,2 миллион доллар бөлүп берүү каралууда.

Бишкек — Кара-Балта унаа жолу транспорттук коридорду жакшыртуу долбоорунун алкагында оңдолуп, узундугу 52,5 чакырымды түзөт.

Курулуш иштерин Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы боюнча аталган банк 100 миллион доллар бөлгөн, анын 65 миллиону насыя болсо, 35 миллиону грант иретинде берилген. Ал эми кыргыз өкмөтү 28 миллион доллар караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0