Үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Италияда катуу жер титирөө катталып, Аккумоли менен Аматриче шаарлары кыйрап калган. Табигый кырсыктын айынан аталган эки калаадан сырткары Лацио, Умбрия жана Марке облустарында дагы кыйроолор болгон. Өлкө бийлиги жашоочуларды жабыркагандар үчүн кан тапшырууга чакырды. Учурда кырсыктын курмандыктары 268 кишиден ашты.