Мыйзам долбоору "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын депутаттарына таандык. Ага ылайык, депутаттардын кызматтык батири алынып, ижарага алган үйү үчүн компенсация төлөнбөйт. Эл өкүлдөрү автобустарда бекер жүрө албай, өлкө аймагына чыкканда унаа бөлүнбөй калат. Мыйзам долбоору бир ирет депутаттардан өтпөй, кайрадан добуш берүүгө жөнөтүлгөн.