https://sputnik.kg/20260401/1100557586.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөр боюнча элге маалымат берүүнү талап кылды. Эл өкүлү коомчулукта... 01.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-01T17:00+0600
2026-04-01T17:00+0600
2026-04-01T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/01/1100557420_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_814cca1c38f6fc6a5418f1234ac0ac9c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөр боюнча элге маалымат берүүнү талап кылды. Эл өкүлү коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралып жатканын айтты. "Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Бул боюнча элге ачык-айкын маалымат керек болуп жатат. Анткени соттун чечимисиз эле алынган мүлктөр кайтарылабы же жокпу, мыйзамдуу талаага кайтып келебизби же кайтпайбызбы деген суроолор болуп жатат", — деди Сурабалдиева. Депутат айым бул боюнча УКМК же президенттин администрациясы маалымат бериши керек деп эсептейт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте өлкөнүн негизги унаа жолдорунда заманбап Rest Point эс алуу зоналарын түзүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, мындай объекттерди куруу демилгеси өткөн жылдын күзүндө башталган. Кеп алыскы каттамдардагы айдоочулардын жана туристтердин коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган толук кандуу комплекстер жөнүндө болуп жатат. "Бул айдоочу токтоп, толук кандуу эс ала турган заманбап объекттер. Ар бир Rest Point пунктунда дааратканалар, дүкөндөр жана бардык зарыл шарттар каралган. Учурда бул тармакты кеңейтүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп белгиледи Чойбеков. Белгилей кетсек, учурда бир нече ушундай эс алуу зоналары курулуп бүтүп, иштеп жатат. Алсак, Ысык-Көл облусунда заманбап Rest Point пункттары 2-4 тилкеде, анын ичинде Түп – Кеген трассасында келүүчүлөрдү кабыл алууда. Министрликтин планында мындай тейлөө зоналарын Кыргызстандын бардык эл аралык трассаларында куруу каралган. Бул өлкөнүн жол инфратүзүмүн эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан мөмө-жемиш жана жашылча ширесинин экспортун жүз эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, январь айында республика 37,5 тонна азык саткан. Товардын баары ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстанга жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, былтыр январда шире экспортунун көлөмү болгону 100 литрге жеткен эле.
Россия президенти Владимир Путин Эл аралык транспорт жана логистика форумунда Ирандагы окуялар энергетика рыногуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ал ошондой эле транспорт жана логистика тармактары учурда олуттуу геосаясий кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеген. "Ирандагы окуялар мунай жана газды Ормуз кысыгы аркылуу ташууга, ошондой эле энергетика рыногуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү болгон бул тармактар учурда терең өзгөрүүлөргө дуушар болуп, олуттуу геосаясий кыйынчылыктарга туш болууда", — деди Путин форум катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөр боюнча элге маалымат берүүнү талап кылды. Эл өкүлү коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралып жатканын айтты. "Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Бул боюнча элге ачык-айкын маалымат керек болуп жатат. Анткени соттун чечимисиз эле алынган мүлктөр кайтарылабы же жокпу, мыйзамдуу талаага кайтып келебизби же кайтпайбызбы деген суроолор болуп жатат", — деди Сурабалдиева. Депутат айым бул боюнча УКМК же президенттин администрациясы маалымат бериши керек деп эсептейт.Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Туризм департаменти менен биргеликте өлкөнүн негизги унаа жолдорунда заманбап Rest Point эс алуу зоналарын түзүү боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, мындай объекттерди куруу демилгеси өткөн жылдын күзүндө башталган. Кеп алыскы каттамдардагы айдоочулардын жана туристтердин коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылган толук кандуу комплекстер жөнүндө болуп жатат. "Бул айдоочу токтоп, толук кандуу эс ала турган заманбап объекттер. Ар бир Rest Point пунктунда дааратканалар, дүкөндөр жана бардык зарыл шарттар каралган. Учурда бул тармакты кеңейтүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп белгиледи Чойбеков. Белгилей кетсек, учурда бир нече ушундай эс алуу зоналары курулуп бүтүп, иштеп жатат. Алсак, Ысык-Көл облусунда заманбап Rest Point пункттары 2-4 тилкеде, анын ичинде Түп – Кеген трассасында келүүчүлөрдү кабыл алууда. Министрликтин планында мындай тейлөө зоналарын Кыргызстандын бардык эл аралык трассаларында куруу каралган. Бул өлкөнүн жол инфратүзүмүн эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.Кыргызстан мөмө-жемиш жана жашылча ширесинин экспортун жүз эсе көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, январь айында республика 37,5 тонна азык саткан. Товардын баары ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстанга жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, былтыр январда шире экспортунун көлөмү болгону 100 литрге жеткен эле.Россия президенти Владимир Путин Эл аралык транспорт жана логистика форумунда Ирандагы окуялар энергетика рыногуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ал ошондой эле транспорт жана логистика тармактары учурда олуттуу геосаясий кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеген. "Ирандагы окуялар мунай жана газды Ормуз кысыгы аркылуу ташууга, ошондой эле энергетика рыногуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү болгон бул тармактар учурда терең өзгөрүүлөргө дуушар болуп, олуттуу геосаясий кыйынчылыктарга туш болууда", — деди Путин форум катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда. АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Кыйроолор жана жай тургундардын өлүмү тууралуу маалыматтар бар. Иран жооп иретинде Израиль аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий объектилерине сокку уруп, айбат кылууда. Каршылашуунун ырбап кетиши Ормуз аркылуу болчу кеме каттамынын толук токтошуна алып келди. Ал араб өлкөлөрүнөн мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирген негизги жол эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/01/1100557420_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_02329408ee2e4f61f86ab3a9f8595a07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио