22:01 22 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9491
  • RUB1.0844
Жаргылчак тартып жаткан аялдар. Архив

Көкүрөгүңүз абалкы кептерге чаңкап, сөзүңүз мокоп турабы? Архаизмдер топтому

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (66)
978 0 0

Кээде маектешкен адамың айта турган оюн туура жеткире албай иренжитип коет. Пикирин көрктүү, бир сөзүн он кайталабай сүйлөгөн кишини угуп туруунун өзү керемет эмеспи. Ал эми ара-чолодо колдонула калчу абалкы сөздөр кептин маңызын арттырары шексиз.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында архаизм сөздөрдү тизмектөөнү эп көрдүк. Материалдар "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинен алынды.

Азалоо, азала — жакын адамы өлгөндө куда-сөөгү, көңүлү жакын адамдары мал жетелеп же башка бир нерсе алып барып көңүл айтуу (мурунку заманда көбүнчө мал берилген);

Азар-түмөн — эпосто көптүктү (аскер, эл, мал жана башкалар) туюндуруучу сан эсебинде эсепсиз, сансыз деген мааниде көп колдонулат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Алтын-күмүш зар калды, Аңдабай күттүм жалганды, Айры менен нар калды, Азар-түмөн мал калды" деп айтылат;

Ай мүйүз — жакшы тилек үчүн аталып союлган бодо мал. Эпостун негизги варианттарындагы айрым окуяларында сыйынуу, табынуу жана жакшы тилек тилөө ырым-жырымдарына байланыштуу эскерилет;

Ай туяк— курмандыкка чалынуучу жылкы. Эпосто мындай жөрөлгө элдик баатырлар жеңишке ээ болгондо, кереметтүү түш жакшылыкка жорулганда, арбакка сыйынганда, куда-сөөк келгенде, аш-той жана башка каада-салттарга байланыштуу өткөрүлгөн;

Айчык, айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу;

Ак каңкы ээр — ээрдин өзүнчө түрү, алдыңкы кашы жазы жана тегерек формада, анын бети оюу, күмүш менен кооздолот;

Аламан коюу— атчан жоокерлердин душманды жапырт качырып чабуулга өтүүсү;

Боз кисе — биринчи мааниси эр-азаматтын өзүнө гана таандык болгон майда буюмдары тагылуучу кайыш кур. Экинчи мааниси калың кайыштан кооздолуп оттук жана милте салынуу үчүн жасалган баштык. Муну негизинен кисе же кур деп да жалпы жонунан атай берет;

Бокчо — баалуу буюм-терим сакталуучу сандыкча, куржун баштык. Экинчи мааниси бирөөнүн сырын, ал-жайын билүү үчүн жасалган аракет;

Бөкө — балбан, карылуу, алп адам;

Дап — эки бети тең тери менен капталган тегерек алкагына майда темир шакекчелер тагылган, уруп ойноочу музыкалык аспап. Ал уйгурлардын дапына, өзбектердин, тажиктердин (деф) дойрасына, түркмөндөрдүн дайрасына окшош;

Дейилде — кымбат баалуу кездеме. Бул кездемеден баалуу сырт кийим жасалат. Ал сырт кийимдер сый катары ардактуу адамдарга берилет;

Диңсе — кымбат баалуу таш. Кытай, моңгол жана алардын кол алдындагы айрым элдерде төрөлүк даражаны билдирүүчү белги катары баш кийимге тагылган. Төрөлөрдүн кызмат даражасына жараша ар кыл түрдөгү жана түстөгү диңселер колдонулган. Мисалы, кандар, княздар биринчи баскычтагы (алты даража) төрөлөр, тайчы, табунандар сары, кызыл лаал таштарды, андан кийинки баскычтагылар көк, көгүлтүр түстүү маржан, жакуттарды, тоо хрусталын, тунук түстүү асыл таштарды тагынышкан;

Домок — азыркы кыргыз тилинде жаңжал, опуза, коркутуп омуроолоо деген туюмду билдирген лексикалык бирдик;

Жамбы — койдун, жылкынын жана башка малдын туягынын формасындагы ар түрдүү көлөмдө жана ар кандай салмакта уютулган күмүш;

Жесек — чалгын, кароол, сакчылык, күзөт;

Инжи — эпосто кымбат баалуу таштын аты. "Инжиден сайып тиш кылып, жыргатчудай иш кылып" деп айтылат эпосто.

Канжа — тамеки салып тарта турган түтүк. Эпосто көбүнчө кытай-калмак баатырларынын (мисалы, Макел дөө, Коңурбай) түрү сууктугун, алптыгын көрсөтүү үчүн алардын өздөрүнө таандык опсуз зор буюм катары сүрөттөлөт;

Кан талоон — артында эрезеге жеткен туягы жок кан өлгөндө анын малы-жанын талап кетүү салты;

Кан тартуу — достошом деп келгенге ызат көрсөтүү менен алдына ашкан күлүк ат, кымкап тон, мыкты жоо-жарак тартуулоо салты;

Картык — ооруган жерден кан алууга, канды, ириңди, денеге туруп калган желди сордуруп таштоого колдонуучу табыптардын уйдун мүйүзүнөн жасалган аспабы, түтүкчө.

Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (66)

Тема боюнча

Урпактарды "чыйпылдак", "быйпылдак" деген уят! Тилдеги аша чапкандык
Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат
Белгилер:
кыргыз тили, архаизм, Манас эпосу, тибиртке

ЭҢ МААНИЛҮҮ