"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышы тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтөө боюнча адис Рыскул Жолдошев менен биргеликте даярдалды.
"Куда" жана "сөөк" деген сөздүн мааниси
Буга бир нече мисал бар. Илгери ата-эне баласын молдого окутканы берип жатып "эти сеники, сөөгү меники" деген. Бул "мен сага баламды берип жатам, бирок ал меники" дегени. Эгер туугандары согуш талаасында калып калса, "сөөгүңдү таштабайм" дечү, ал "тууганымды таштабайм" деген сөз. "Сөөктүн жаманы суу кечирет", бул жерде тууган тууралуу кеп болууда. Айрымдар кудаларга карата айтылат деп жүрүшөт. Бул туура эмес. Ортодо сый мамиле болгондуктан, кудага карата андай ыплас сөз айтылган эмес. "Куда болгуча кулу-бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш" деген кеп бекеринен эмес. Бул – тегин калыңдашып жатканда сура, балдар жашап жаткандан кийин бири-бириңе тыңсынба деген сөз. Демек, "сөөк" деген сөз эки мааниде колдонулат. Үйлөнгөн жаштар аркылуу туугандашып, куда-сөөк болуу, экинчи мааниде "сөөк" деген сөздүн өзүн "тууган" деп колдонууга болот.
Кудалашуунун негизги түрү
Бел куда
"Сен эркек балалуу, мен кыздуу болсом, экөөнү бой жеткенде үйлөндүрөлү" дешкен. Бел куда ата-энелердин балдары төрөлө электе эле кудалашуусу. Мындай салт илгери көп болгон. Мамилеси жакшы адамдар же ымала түзүүнү каалагандар бири-бири менен балдары аркылуу туугандашууну эп көрүшкөн.
Кайчы куда
Мында келин тараптын туугандары анын кайын жагынан кыз алган, ошондой эле өздөрү дагы алысыраак туугандарынын кыздарын беришкен. Бул нерсеге жол берилет. Кайчы куданын мааниси - куда-сөөктүн алакасын жакшыртуу, байланышты бекемдөө жана сөөк жаңыртуу болуп саналат.