"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлдү. Эмне иш аткарат?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФотовыставка, посвященная 90-летию писателя Чынгыза Айтматова в библиотеке ООН в Нью-Йорке
Фотовыставка, посвященная 90-летию писателя Чынгыза Айтматова в библиотеке ООН в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Академия "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга көмөк көрсөтөт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыктын максаты — "Манас" эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө.

"Кыргыз тили кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн руханий негизин түзүп, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоо ишинде адеп-ахлактын өзөгү жана карманган жолу болушу керек. Ал эми кыргыздардын "Манас" эпосу БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясына ылайык Кыргызстан элинин гана эмес, бүткүл адамзаттын да руханий жана тарыхый-маданий дөөлөтүнүн бир бөлүгү болуп таанылды", — деп айтылат Жарлыктын текстинде.

Маалыматта академия "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенери айтылат.

Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Ош - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: кыргыз, Манас, Чыңгыз деген сөздү бөлүп кароого болбойт
Мындан тышкары, илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды, эл аралык иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо сунушталды.

"Ошондой эле Улуттук академия эл аралык гуманитардык комплекстүү программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, академия тууралуу чечим кабыл алынганын президент 2018-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0