Элина Абай кызы өзбек актерлору менен "Делбиримге" тартылат. Продюсер менен маек

© Фото / Курманжан Датка тасмасынанАктриса Элина Абай кызы. Архив
Актриса Элина Абай кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылдын аягында Ильяздын сүйүүсү менен күйүтүн чагылдырган "Делбирим" (Кызыл жоолук жалжалым) тасмасын азыркы доорго ылайыкташкан жаңы вариантта тартуулоо пландаштырылып жатат. Муну кыргыз-өзбек киночулары ишке ашырат. Башкы ролду эки тараптын тең беделдүү актерлору аткармакчы.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повести ушуну менен үчүнчү ирет экрандаштырылууда. Бу жолкусунда чыгарманын өзөгүнө залака кетпей, автордун берейин деген ою элге туура жетеби? Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешип тасма жаратуусуна эмне түрткү болду? Кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова ушул суроолорго жооп берүү менен картина тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаризат Жакыпбекова: "Делбирим" тасмасынын бюджети 200 миң доллардан жогору болот
Продюсер фильма Делбирим по мотивам повести Чингиза Айтматова Тополек мой в красной косынке Паризат Жакыпбекова - Sputnik Кыргызстан
Паризат Жакыпбекова: "Делбирим" тасмасынын бюджети 200 миң доллардан жогору болот

Тасманы Өзбек кино улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартууда.

— Тартылчу тасманын сценарийин ким иштеп чыкты? Китептегиден айырма болобу?

— Сценарийин "Көпөлөк" жана "Кокуй кошуна" тасмаларынын автору, жазуучу Керез Зарлыкова жазган. Анда ошол эле автобаза, жүк ташуучу унаалар, бийик ашуулар камтылат. Бирок окуяларын бир аз өзгөртүп, Союз учурун эмес, бүгүнкү күндү көрсөтөбүз. Мисалы, каармандар заманбап кийинишет, мобилдик телефон жана поезд жолу кошулду. Тасмага өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылат.

© Фото / Изатилла ЛутфуллаевАселдин ролун Кыргыз драма театрынын актрисасы, "Дарак ыры", "Махабат" жана "Кокуй кошуна" кинолорунда ойногон Мадина Талипбек аткарат
Кыргызская актриса Мадина Талипбек - Sputnik Кыргызстан
Аселдин ролун Кыргыз драма театрынын актрисасы, "Дарак ыры", "Махабат" жана "Кокуй кошуна" кинолорунда ойногон Мадина Талипбек аткарат

— Чыңгыз Айтматовдун жакындарынан уруксат алдыңыздарбы? Негизи сценарийди караган консультанттар барбы?

— Тасманын даярдыктарына эле жарым жылдан ашык убакыт кетти. Сценарийди Чыңгыз Айтматовдун фондусуна жана Элдар Айтматовго көрсөткөнбүз. Ал үй-бүлөсү да жактырганын айтып, тартууга макулдугун берди. Учурда аны менен юридикалык маселелерди чечип жатабыз. "Айтматов таануучу" деген атка конгон академик Абдылдажан Акматалиев да карап чыгып колдоого алды. Доомат койгондор болгон жок. Мындан сырткары, кышында эле "Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв колдоп жатат, эки жактын салымы бир болсун, колдоп койгула" деп өкмөткө, президентке кайрылганбыз. Алар Кино департаментине жөнөткөн. Учурда ал жакта сценарий каралууда, аз күндүн ичинде жооп алабыз деген ниеттебиз.

— Кино кайсы жерлерде тартылат?

— Тасма Ташкент шаарында, андан соң Наманганда жана ушул эки шаардын ортосундагы ашуудан тартылат. Аягында Балыкчыга келип жыйынтыктайбыз. Тартуу иштери буюрса 20-июнда башталат.

© Фото / Изатилла ЛутфуллаевИльяздын ролун Өзбекстандын "Супер келинчек" тасмасында кыздын күйөөсүнүн образын жараткан Азиз Ражапов ойнойт
Узбекский актер Азиз Ражапов - Sputnik Кыргызстан
Ильяздын ролун Өзбекстандын "Супер келинчек" тасмасында кыздын күйөөсүнүн образын жараткан Азиз Ражапов ойнойт

— Актердук курам менен да тааныштыра кетсеңиз?

— Башкы каарманга эки өлкөнүн алдыңкы актер, актрисалары тандалган. Эпизоддук ролдорду эки тараптан тең алууну чечкенбиз. Ильяздын ролун Өзбекстандын "Супер келинчек" тасмасында кыздын күйөөсүнүн образын жараткан Азиз Ражапов, Байтемирди "Фатима менен Зухра" киносу аркылуу таанымал Улугбек Кадыров аткарат.

Ал эми Аселдин ролунда Кыргыз драма театрынын актрисасы, буга чейин "Дарак ыры", "Махабат", "Кокуй кошуна", "Таиланддагы каникул" (Казакстан) жана башка тасмаларда роль жараткан Мадина Талипбек. Хадичанын образын "Курманжан датка", "Саякбай" сыяктуу бир топ кинолордун жүзү болуп келген Элина Абай кызы жаратат. Алардын баары Өзбекстандын көркөм кеңешинин элегинен өткөн. Мадина менен Элина жакын арада Ташкентке учуп кетишет.

Кастинг учурунда Аселдин ролуна Малика Абдразакова менен Мадина Талипбек экөөнүн бирин тандоо аябай кыйынга турду. Бири-бири менен тең тайлашып, акыры тасманын бир эпизодун ойнотуп видео тартып көргөндө Мадина алдыга чыгып кетти.

© Фото / Изатилла ЛутфуллаевБайтемирдин образын "Фатима менен Зухра" киносу аркылуу таанымал Улугбек Кадыров жаратат
Узбекский актер  Улугбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Байтемирдин образын "Фатима менен Зухра" киносу аркылуу таанымал Улугбек Кадыров жаратат

— Тасманын бюджети канча болору мерчемделүүдө?

— Жалпы бюджети 200 миң доллардан ашып жатат. Анын басымдуу бөлүгүн Өзбекстан сарптайт, калганын биздин мамлекет колдоп берет деп турабыз, ал жактан болбой калса каражатты өзүбүздүн продюсердик борбор табат. Президент Шавкат Мирзиёев "Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдын белгилөө" жөнүндө токтом чыгарып, анын экинчи пунктуна биздин тасманы киргизиптир. Ошондуктан да өзбекстандык кесиптештерибиз бизден өтүп катуу иштеп жатат. "Эмнеге көп каражат кетет?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Тасмада кыш мезгили чагылдырылат эмеспи. Андыктан талааларга туз чачып, борлор менен сүртүп негизинен алганда техникага эле көп акча коротулууда.

— Кайсы тилде тартылмай болду?

— Башында орусча тарталы деген чечимге келип сценарий даярдаганбыз. Кайра ойлонсок аны баары бир кайра которот экенбиз, дубляжда актерлордун оозунун кыймылы сөз менен дал келбей калат. Анан биздин актрисалар кыргыз тилинде, алар өзбек тилинде сүйлөп тартыла бермей болду. Аягында эки тилге тең толук которулуп чыгат.

Премьерасын биз Чыңгыз атанын туулган күнүнө деп пландап жатабыз, Өзбекстандыктар ноябрда эле алып чыгууга ниеттенүүдө. Аталышы "Делбирим" деп чыгат, бирок кашаанын ичине "Кызыл жоолук жалжалым" деп жазабыз. Ал эми өзбекче "Дилбарым" болот.

© Фото / Marc Kayne"Курманжан датка", "Саякбай" сыяктуу бир топ кинолордун жүзү болуп келген Элина Абай кызы Хадичанын ролунда
Кыргызская актриса Элина Абай кызы - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка", "Саякбай" сыяктуу бир топ кинолордун жүзү болуп келген Элина Абай кызы Хадичанын ролунда

— "Делбирим" повестинин негизинде "Мосфильм" кино студиясында, кийин Түркияда дагы тасма тартылганы маалым. Үчүнчү ирет кайталоодон, болгондо да жаңыланган версия менен чыгарып элдин сынына калам деп коркпойузбу?

— Албетте, корком. Тасмада кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп алсам алдын ала кечирим сурайм. Бирок биз деле муну жакшы ниет менен жасап жатабыз да. Бардык нерсе жаңыланып турушу керек. Чыңгыз хандын деле жаңы версиялары чыккан. Ошол эле Голливуд, Россия, Казакстан жаңылап эле тартып жүрөт. Анын эч кандай жаман нерсеси жок. Эгер кыргыз киносунда жаңылануу токтосо, ошондо трагедия болот. Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан "Ак кеме" менен "Биринчи мугалим" гана мыкты тартылган деп ойлойм.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖакыпбекова: "Делбиримди" Союз учурунда Ирина Поплавская ошол доорго ылайыктап тарткан. Аны сонун чагылдырылган деп айта албайм, чынын айтканда, ал тасма мага такыр жаккан эмес.
Продюсер фильма Делбирим по мотивам повести Чингиза Айтматова Тополек мой в красной косынке Паризат Жакыпбекова - Sputnik Кыргызстан
Жакыпбекова: "Делбиримди" Союз учурунда Ирина Поплавская ошол доорго ылайыктап тарткан. Аны сонун чагылдырылган деп айта албайм, чынын айтканда, ал тасма мага такыр жаккан эмес.

— Сиздердин тасма мурункулардан ашып өтөрүнө ишенесизби?

— Мен Айтматовдун оюн 100 пайыз бере алабыз дегенден алысмын. Бирок аябай аракет кылабыз, 80 пайыз окшоштурсак деле чоң жетишкендик деп ойлойм. Тасманы Союз учурунда Ирина Поплавская "Мен Тянь-Шань" деп ошол доорго ылайыктап тарткан. Аны сонун чагылдырылган деп айта албайм, чынын айтканда, ал тасма мага такыр жаккан эмес. Ал кино Ильязды аткарган Дүйшөн Байдөбөтовдун актерлук чеберчилигинин арты менен гана көтөрүлгөн. Режиссер СССР убагындагы план толтуруу максатын эле көрсөтүп койгон. Актёрлордун курамы да туура эмес тандалган. Албетте, бул менин жеке оюм.

— Ушул нерсе "Делбиримди" кайра тартууга түрткү берген окшойт анда…

Жених и невеста играют в национальную игру Кыз куумай - Sputnik Кыргызстан
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
— Жок, мен тек гана Попловская үчүн токтолдум дебейм. Муну Өзбек киносунун жетекчилиги тандады. Ачыгын айтканда мен биринчи аларга башка сценарий менен кайрылгам. Жолугуп сүйлөшкөндө алар "биринчи жумушубузду Айтматовдон баштайлы" деп сунушташты. Биринчи сценарий да сүйүү жөнүндө болчу, сүйүү адам менен кошо жашайт эмеспи, дагы деле ушул темадан четтебейли дегенимде макул болуп "Кызыл жоолук жалжалымды" тандаганбыз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу аталган тасманын расмий медиа өнөктөшү. Кино картина тууралуу маалыматтарды биринчилерден болуп окуй аласыздар!

Жаңылыктар түрмөгү
0