22:54 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Атта бараткан кыз жигит. Архивдик сүрөт

"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле

© Sputnik / Фред Гринберг
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
19143113

Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повести төрт адамдын ар биринин сүйүүдөгү өз-өзүнчө жолун көрсөтөт, бири-бирине чырмалышкан махабат сезимдеринде эч кимисинин күнөөсү да, арамдыгы да жок, баары өз сүйүүлөрү үчүн күрөшөт.

Бүгүн жазуучунун жаштык романтикасы менен жазылган "Делбирим" повести тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.

"Делбирим" повестинин жазылыш тарыхы: Джерс букасы жана Долондогу махабат. Чыңгыз Айтматов Айыл чарба институтун бүтөр менен Кыргыз мал чарбачылыгы илим-изилдөө институтуна (КирНИИЖ) караштуу асыл тукум зоотуна зоотехник катары жиберилет. Ошол чарбада жүздөн ашуун асыл тукум уй боло турган да, ар бир саан уйдан сүт өндүрүү боюнча Кыргыз ССРинде алдыңкы орунду бербей келген. Ага канааттанбай дымактуу жаш зоотехник Чыңгыз бир эксперимент жасамак болот. Англиянын түштүгүндөгү Джерс аттуу аралдагы сары, күрөң темгилдери бар, сүтүнүн майлуулугу башка уйлардан 2 пайыздан дагы көбүрөөк болгон карамалдарды алып келип, биздин бийик тоодогу топоздор менен аргындаштырып, малдын сүттүү жаңы породасын алуу ниетин көздөйт. Чоңдоруна айтса туура көрөт. Анан Джерс букасын алганы Ленинградга, андан Гатчинага өтөт. Ал жактан Джерс букасын мал салууга ылайыкташкан вагонго чыгарып, он күн жол жүрүп Жамбылга, андан Таластагы институттун фермасына алып келишет. Эми ага "жубай" издеп, кеминде он-он бештей топоз керек деп, Тянь-Шанды көздөй жөнөшөт. Ошол жолдо Долон ашуусунун белинде түнөмөк болуп, жолчулардын чакан үйүнө токтошот. Андан аркы баян мындай уланат: "Чоң бөлмөнүн ичине бир нече керебет коюлуптур. Алардын көбү бош. Бир бурчта гана эки айдоочу бутуна тура албай ыргалып, мас болуп отурат. Менин жатар жайым алардын жанында. Булардын бирөө жанагы чиркегичтүү жүк машинанын шоопуру экен. Мени көздөрүнө илбей, өз ара бакылдашып жатышты. Кааласам, каалабасам да ал экөөнүн сөзүн угууга аргасыз элем. — Ошол ашуунун кылда чокусунда менин жактырган жалжалым жашайт. Бирок, ал мени карап да койбойт, — деп бирөө экинчисине өзүнүн дартын божурап, башынан өткөн сүйүү окуясын айтып берип жатты. Ал өзүнүн сүйгөнүн такыр унута албаганын, ар дайым ашууну ашканда ошол делбирин көрөрүн, махабаты кантип башталып, кантип алоолонуп отурганын бир баштан айтып берди. Анын башынан өткөн ошол лаазаттуу да, азаптуу да, армандуу да окуялар мага ушунчалык катуу таасир этти…

Ооба, мен анда бийик тоолор тарапка жол алган жолоочу гана элем. Аякка башка эле бир милдет менен аттангам. Бирок ошол канжолдо "Кызыл жоолук жалжалымды" таап, ага негиз берген бир тагдыр менен кезиккем…"

Эки аты бар бир эле чыгарма. Повесть элге эки аты менен тараган: биринчиси – "Кызыл жоолук жалжалым", экинчиси – "Делбирим".

Чыгарма кыргыз жана орус тилинде жазылган сыяктанат. Адегенде кыргыз тилинде жазыла баштаган болушу мүмкүн, себеби "Советтик Кыргызстан" газетасынын 1959-жылдын 30-августтагы санына "Долондун кан жолунда" деген ат менен үзүндүсү чыга баштайт да, ошол бойдон кыргыз окурмандарын сумтайтып көздөн учат. Орусчасы "Дружба народов" журналынын 1961-жылдын февраль айындагы санынын 121-174-беттерине "Тополек мой в красной косынке" деген ат менен басылат. Ушул эле жылы башка повесттери менен бирге "Повести гор и степей" деген китебине кирип, чыгарма авторго 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык алып берүүгө салым кошкон.

Кыргыздарды жыйырма эки жыл күттүргөн "… кызыл жоолук жалжал". Кыргызча үзүндүсү 1959-жылы чыга баштаган Долондогу махабат баянынын толук чыгышы узаргандан узарып кеткен, 1981-жылы гана, арадан 22 жыл өтүп жазуучунун шекерлик иниси Ашым Жакыпбековдун котормосунда "Делбирим" деген ат менен ала-тоолуктардын эне тилинде жарыяланган.

Армандуу махабат баяны көрсөтүлгөн. Илияс менен Аселдин сүйүүдөн тургузган үй-бүлөсүнүн бири-бирин түшүнө албастыктан кыйроосу, Илиясты жакшы көргөн Катийча жана Аселди жакшы көргөн Байтемир – төртөө тең өз-өз ордунда туруу менен, төртөө төрт башка мүнөздү алып жүрүп, бир дарыяга куйган өзөндөрдөй төртөө ыйык махабат дайрасына өз тагдырлары менен кошулуп турат.

Турмушка дал келбеген фактылар бар. Баяндоочу каарман-журналист бир жолу Илияс экөө поезд менен Ошко чейин барып, андан ары Илияс Памирге кетет. Чынында жүргүнчү поезддери эч качан Ошко чейин барган эмес, Ошко барчулар же Анжиан, же Кара-Суу станцияларынан түшүп калып, андан ары кара жол менен жүрүшөт. Бирок окурман муну элес да албайт.

"Делбирим" киночуларды өзүнө тарткан чыгарма. Повесть басма сөздө жарыяланары менен эле кино режиссёр А.Сахаров "басып жыгылып", "Кыргызфильм" киностудиясында "Ашуу" фильмин тарткан. Фильм ийгиликсиз болот. Асель, Данияр, Садык, Райхан, Андрей, Байтемир деген каармандар катышат, Райхандын ролун аткарган Бакен Кыдыкеева менен Садыктын ролун аткарган Асанбек Умаралиевден башка актёрлор кийин белгисиз бойдон калат.

Экинчи жолу бул адабий чыгармага "Мосфильм" киностудиясынын "сугу түшүп", режиссёр Ирина Поплавская "Я – Тянь-Шань" деген фильм тартат. Токтогул ГЭСине жүк ташып, чиркегичин кырсыкка кабылткан жаш шофёрдун армандуу махабаты 1973-жылы 19-мартта премьера катары көрсөтүлүп, прокаттан чоң каражат түшүрөт. Эки сүрөтчү – Динара Чочунбаева Аселдин, Сүймөнкул Чокморов Байтемирдин ролун аткарат. Ошол жылы Москвада театралдык институтта билим алып жаткан Дүйшөн Байдөбөтов Илияздын, Назира Мамбетова Катийчанын ролун аткарып, ысымдары дароо жалпы союзга дүң болгон.

Үчүнчү жолу түркиялык режиссёр Атил Йылмыз "Selvi Boylum Al Yazmalim" ("Кызыл жоолук") деген фильм тартып, 1980-жылы экранга чыгарат.

Түркиялык киночулардын урааны – "Сүйүүнү багыш керек!" 2014-жылы "Selvi Boylum Al Yazmalim" фильмин тарткан кино топ Ыстамбулдагы аянтка эл менен жолугушууга келет. Аселдин ролун аткарган Түркан Шорай баягыдай Асел болуп, Илияздын ролун ойногон Кадир Инаныр куду фильмдеги Илияздын КамАЗ машинасын минип келет. Фильмдеги музыка жаңырып турат. Азыр атактуу актриса болгон Түркан Шорай "Мен бул КамАЗды 1977-жылдан бери көрө элек болчумун. Бул унаа улуу махабатка күбө болгон" деп толкунданып, көз жаш кылып жиберди. Баары бир ооздон элге кайрылып "Сүйүүнү багыш керек!" деп кыйкырышты.

Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повести "Долон" деген ырдын жазылышына да шык берген. 1966-жылы Нарын музыкалуу драма театры Ч.Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повесттин сахналаштырмак болот. Режиссер Бообек Ибраев спектаклге ыр жазуу тапшырмасын Жумамүдүн Шералиев менен жаш жигит Калыйбек Тагаевге тапшырат. Сөзүн Шералиев жазат да, обонун Тагаев чыгарат, Сагыйпа Чечейбаева аткарып чыгат. Кезегинде (азыр кырк жыл өтсө дале) бул ыр эң кеңири таралган чыгармалардын катарына кирет.

Москванын Чоң театрында көрүүчүлөргө кол чаптырган "Асель". Повесттин негизинде композитор Владимир Власов "Асель" балетин жазган, 1967-жылы 7-ноябрда бет ачары Чоң театрда коюлганда москвалык көрүүчүлөрдүн арзуусун арттырган, андан кийин бул чыгарма дүйнө кыдырып кеткен. Бир эле чоң театрда репертуарынан түшпөй 1975-жылга чейин 72 жолу коюлган.

"Асель" балетин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры да даярдаган. Бет ачары 1967-жылы 29-октябрда болуп өткөн. Балетмейстер – Уран Сарыбагышов, дирижёр – Калый Молдобасанов, Асель – Бүбүсара Бейшеналиева (кийин Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева).

Бул балетти Казань, Челябинск, Днепропетровск шаарындагы опера жана балет театрлары да өз-өзүнчө даярдап элге тартуулаган.

Акындарга жана композиторлорго эргүү берген сүйүү баяны. Повесттин негизинде акын Сүйүнбай Эралиев "Ырым – сен" аттуу драмалык поэмасын жазса, композитор Мукаш Абдраев "Илиястын баяны" аттуу симфониялык чыгарма берген. Казактын белгилүү акын-жазуучусу, обончусу, домбрачы Илья Жаканов Аселге арнап "Асель" деген ыр жазып, ага обон чыгарган. Дагы бир обонду Жолдошбек Бусурманкуловдун сөзүнө түптүк Жекшен Тагаев өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында чыгарган, ал ырды эл арасына Түгөлбай Казаков, Анарбек Ибраев, Асылбек Өзүбеков, Мирбек Атабеков ж.б. таланттуу аткаруучулар таратып жүрөт.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)

Тема боюнча

Айтматовдун ааламына сүңгүйбүз. Чыгармалар менен каармандарды канчалык билесиз?
"Мендирман" эпосу жөнүндө 7 факты. Күйөөсүн өлүмгө кыйган жубай
Белгилер:
сүйүү, факты, "Делбирим" повести, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ