1.Адегенде псевдоним менен жарыяланган. "Сунулган баш… Суурулган кылыч…" романынын журналдык варианты адегенде авторунун жашыруун аты менен окурмандарга сунушталган. Аны "Аспирант" деген девиз менен "Жаңы Ала-Тоо" журналы 2012-жылдагы февраль, март, апрель айындагы үч санына катары менен баскан. Себеби бул романдын кол жазмасы конкурска карата жазылып, конкурстун шарты ошондой болгон. "Сунулган баш… Суурулган кылыч" 2011-жылы "Турар" басмасы жана Жаңы Ала-Тоо" адабий-көркөм журналы, Чыңгыз.Айтматовдун "Ысык-Көл форуму" уюштурган эл аралык конкурста даражалуу 2-орунду жана "Арча" адабий сыйлыгын жеңип алган. Ал сыйлык 2012-жылдын 23-мартында ыйгарылган. Акчалай сыйлыкты жана дипломду авторго басманын ээси Тилек Мураталиев жана Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов тапшырган. Роман "Турар" басмасынын жарык көргөн.
3. "Басмачылар" кыймылынын башталышы башкача өңүттөн көрсөтүлгөн. Совет бийлиги орноп жаткан кезде Кокондо орусча билип калгандар, Сибирь түрмөлөрүн көрүп келгендер, Стамбул, Багдад, Кашкар, Уфа, Казан шаарларында окуп бүткөндөр көбөйө баштаган. Ошолор Түркстан автомониясынын убактылуу элдик уламалар кеңешин түзөт жана ага 32 киши шайланат. Курултайда Түркстан Мухтар (Автоном) Жумуриятынын аткаруу комитетин – Өкмөттү түзөт. 1917-жылы 6-декабрда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнүн урматына Кокондун чоң жаамы мечитинин алдына 60 миңдей киши чогулуп, мечиттин купасына Түркстан Мухтар Жумуриятынын байрагын сайышат. Мына ошолор большевиктер тарабынан аёосуз окко алынганда тоо-тоолорго карай качат. Ошондон бул кыймыл башталат. Мына ушул окуя романда кенен чагылдырылат.
4. "Короо башынын корбашы" болуп калышы. Дал ошол Кокон автономиясынын башкы аскер командачысы Эргешти шаарда "короо башчы" деп аташкан, ал аксап баскан, абдан куу киши болгон жана бир короого башчылык кылган. Биринчи болуп өз короосуна караган жигиттерди алып Кокондон чыгып кетет да, "короо башчыны" жаңы өкмөттүн адамдары "корбашы" атап алышат.
5. Романдын темасы. Чыгарма 1918-1919-жылдардагы – эл турмушунун эң оор күндөрүн – Кеңеш бийлигин орнотуунун кыйынчылыктарын, эгиздердин бири-бирине өчөгүшкөн душман болушунун тамырларын, өмүр жолу татаал инсан Мадаминбектин оош-кыйыш тагдырын сүрөттөөгө арналган. Мурда биз "басмачылар" деп атап келген тарыхый инсандар бул романда "партизандар" – өз мекенин коргоого аракет кылган патриоттор катары көрүнөт.
7. Чыгармага ылайык тарыхый материалдардын, жер-суулардын изилдениши. Автор Кокон, Маргалан, Фергана, Анжиан, Эски-Ноокат шаарларын, Үч-Коргон, Жаңы-Ноокат кыштактарын кыдырган, Исфайрам дайрасынын боюндагы Шыгай деген жердеги Мадаминбектин кабырына зыярат кылган, ал өлтүрүлгөн Кичиненин-Оозу деген жерди көргөн, тарыхый, биографиялык, документалдык материалдар жана эл арасында айтылып келген сөздөр менен таанышып чыккан жана аларды пайдаланган. Тарыхый чыгармаларга толуктоолор киргизилген. Мадаминбектин өлгөн жери жана аны өлтүргөндөр, Энвер пааша, Эргеш-Тамда Түркстан ислам аскер лашкерлеринин Фергана өкмөтүнүн түзүлүшү сыяктуу бир катар фактылар жаңы тарыхый-архивдик материалдар менен толукталган.
8. Мадаминбек Акматбековдун тек жайы, тагдыры. Азыркы Өзбекстандын Фергана өрөөнүнүн Таштак районуна караган жерде туулган Мадаминбектин айылы Сокчулук деп аталганын, алар кыргыздар менен тыгыз байланышып тургандыгын, Мадаминбек диний билим алганын, Сибирь камагында көптөгөн саясый сүргүндөр менен чогуу жаткандыгын, орус, француз тилдерин жакшы билгендигин, Кеңеш өкмөтү чыкканда Марагаланда милиция башчысы болуп иштегенин, кийин ал өкмөттөн көңүлү калып, жигиттер тарабына өткөндүгүн, дагы бир жолу большевиктерге кошулгандыгы, дагы болбогонун, акыры алдоо менен өлтүрүлгөндүгүн автор тарыхый-эволюциялык планда ачып берет.
10. Эки акын тууралуу баяндар бар. Окурмандар Исфайрам боюнан чыккан Туяк ырчы жана ноокаттык Ботобай ырчы тууралуу да материалдар менен тааныша алат.
11. Китептин сүрөттөрү. "Сунулган баш… Суурулган кылыч" китебинде төмөнкүдөй сүрөттөр берилген: автордун Мадаминбектин мүрзөсүндө кызыл-кыялык аалымдар Миталип Тайиров жана Манас Тешебаев менен түшкөн сүрөтү, Кароол айылындагы Садыр миңбашынын супасы, Мадаминбектин орус аскерлерин менен келишим түзүп жатканы, Фрунзе менен бирге мусулман аскерлерин кароо парады, Шыгайдагы Мадаминбектин каны чачыраган таш, европалык туткундар салган Исфайрам суусунун боюндагы жолдун нугу, Мадаминбектин кабырын кайтарып жүргөн Акбар Шамшиев.
12. Кыргыз сөз корун байытты. Роман мындан жүз жыл мурдагы жана Фергана өрөөнүндөгү окуяларды камтыгандыктан өтө көп говордук, диалектилик сөздөр жана сөз айкаштары, архаизмдер, тарыхый сөздөр колдонулган.