БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы "Энекем" ыры интернетке чыкты.
Клипте Атамбаевдин кичи мекени Арашан айылы чагылдырылган. Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда Кыргызстанда энелер күнү белгиленүүдө.
Өлкө башчысынын видеоролиги Toptash студиясынын YouTube сайтындагы баракчасына жарыяланган.
Бул чыгарма өлкө башчынын алтынчы чыгармасы. Ал буга чейин "Я не могу без тебя жить", "Судьбе назло", "Мне не страшно умирать", "Нелепые слова" жана "Кыргызстаным" ырларын ырдаган.