БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин кезектеги төртүнчү ыры жарык көрдү. Анын ыры "Нелепые слова" деп аталат. Ыр Toptash production студиясынын Youtube каналына жарыяланган.
Өлкө башчысы буга чейин үч ыр чыгарып, аларды гитаранын коштоосунда аткарган болчу.
Буга чейин мамлекет башчынын маалымат кызматы президент өз юбилейине карата кыргыз жана орус тилдеринде бештен ыр жазып, жакындары менен туугандарына белек кыларын билдирген.