13:32 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
548100

Кыргызстанда быйыл балдардын мектеп босогосун 15-сентябрда аттаганы окуу программасында, бүтүрүүчүлөрдүн башка өлкөлөрдүн окуу жайларына тапшырышында кыйчалыштыктарды жаратканы турат. Бул туурасында педагог, колумнист Абдыкерим Муратов негиздүү пикирин жазды.

Жалпы журтка белгилүү: быйылкы жылы мектептерде жана башка окуу жайларында сабактар 15-сентябрдан башталды. Демек, билим майрамы, биринчи коңгуроо, биринчи жолу 1-класс... дегендей иш-чаралар он беш күн кечикти.

Себебин өкмөт эки жагдай менен түшүндүрдү: биринчиси – бүт дүйнөнү каптаган оорунун айынан эпидемиологиялык-карантиндик абалга байланыштуу; экинчиси – туристтик сезонду узартуу максатында. Окуунун башталышы он беш күнгө кечиккен соң окуунун бүтүшү да он беш күнгө кечигет, андай болсо, биздин балакайлар чын эле кыргыз туризмине салым кошуп жаткан болсо, дал туристтик сезондун башталышында — 1-15-июнда балдар мектепте болуп калып, туристтер тейленбей уят болбойбузбу? Деги эле окууну туристтик сезон менен байланыштыруунун анчалык зарылдыгы жок, окуучулардан тышкары деле миңдеген жумушсуздар армиясы туристтер келип эле берсе, колдон келишинче тосуп алууга шайма-шай турат.

Туризм жана билим берүү жагынан дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү деп эсептелген Гонконг, Тайвань, Кытай, Израиль, Словения, Бельгия, Польша, Венгрия, Ирландия мектептерин 1-сентябрда эле ачышты. Өнүгүп келе жаткан Монголия менен Лаос да 1-сентябрь билим майрамы кылды. Ушул эле күнү өнүгүүдөн артта калган, каражаттары тартыш деп келген Африканын көп мамлекеттери да мектептерин балдардын чурулдагына бастырды. Францияда булардан үч күндөн кийин окуу башталды. Скандинавия өлкөлөрү, алардын ичинде билим берүүдөн дүйнө биринчиси болуп келе жаткан Финляндия, алардан кем калбаган Швеция окуу жылын 15-августта эле баштап жиберди.

ЮНЕСКО бүт мамлекеттерге окууну салттуу түрдө офлайн форматта эле ачкыла деди, дүйнө боюнча окуучулардын 29 пайызы онлайн окууга мүмкүнчүлүгү жок экен, биринде компьютер, бир жерде интернет жок, дагы бир жерде өтө майда балдар өз алдынча иштей албайт. Натыйжада балдардын төрттөн биринен көбүрөөгү окуусуз калууда. Ал эми мектептерде окуу жашындагы балдар бир жарым миллиарддан ашык.

Биз эң биринчи Россияга карап көнгөн эмеспизби, алар деле 1-сентябрда мектептерин ачты. Коңшу Казакстанда 7 миң мектеп 1-сентябрда 3,6 миллион окуучуну, анын ичинде 1-класска 380 миң баланы кабыл алды. Ушундай кырдаалда тегерек-четтин кыймылын карап туруп да биз окуу жылын 15-сентябрга жылдырдык. Же бир эл депутаты, же бир педагог окумуштуу, же бир психолог, же бир ата-эне лам деп ооз ачпай, өкмөттүн айткан-дегени менен болдук...

Бир жылда 1-класстар 33, калган класстар 34 жума окушат, бүт окуу жүгү, окуу программасы, каникулдар, мугалимдердин жумушчу пландары ушуга карата түзүлүп калган. Тээ СССР убагынан бери. Эми элестетип туруңуз, 16-сентябрда класска кирген мугалим, "Билим күнүңөр менен" деп куттуктап жатса, окуу китебинде "1-сентябрь – Билим майрамы" деп жазылып турса... Окуулуктардагы "Алтын күз", "Түшүм жыйноо" деген темалар кышка, "Кар жаады", "Жылгаяк тептик" деген темалар жазга, "Бак тиктик" дегендейлер жайга өтүп кетип жатпайбы. Мугалимдин сөзү башка, китептин сөзү башка, календардык даталар башка болуп турса балдар эмне дейт? Окуу китептерин жазгандар материалдарды жайгаштырууда жыл мезгилдерин сөзсүз эске алат, алардын эл караган бети жер карап жатпайбы?..

Деги эле окуу жылынын башталышы жана бүтүшү бир нече факторго ылайыкталып, илимий жактан негизделип түзүлгөн: биринчиси – климаттык фактор, экинчиси – социалдык фактор, үчүнчүсү – психологиялык фактор ж.б. Мисалы, Кыргызстандын шартында жайдын үч айы (июнь, июль, август) ысык болот, эл жана алардын мал-алы жайлоого кетет, андыктан бул мезгилде каникул болуп, биз аз салкын тартканда – августтун жыйырмаларынан мал жакага түшөт. Ата-энелер ошол малынан сатып балдарын окууга даярдайт. Майдын аягында мал жайлоону самап калат, мында май аягы-июнь башы балдар ата-энелери менен кошо тоого кетүүлөрү керек. Ошол климаттык-турмуш-тиричиликтик фактор бузулуп жатат.

Дагы бир нерсе – программадагы материалдарды жылдырып-жылдырып отуруп, июндун он бешине дейре окуп коёбуз деген ишенимсиз, бул мезгилде ысык башталат, өзгөчө пахтачылык зоналарында аптаптуу мектепте жаш балдар отура албай калат. Бүтүрүүчү класстардын экзамендери, университеттердин кабыл алуулары, жалпы республикалык тестирлөө дегендер бар. Европанын, Россиянын, Казакстандын окуу жайларына тапшырабыз дегендер бул жакта окуусу бүтпөй шашып калат. Дүйнөлүк билим олимпиадалары, Россия менен Казакстанда балдардын каникулу мезгилинде өтүүчү иш-чараларга биздин балдар катышы албай калышы ыктымал...

Совет учурунан ушундай болуп келген. Эл да ушуга көнгөн. Биз үчүн Билим майрамы да, окуунун ачылган күнү да 1-сентябрь делинип, Акыркы коңгуроо 25-май болуп калган, башканы билбейбиз, кабыл алууга даяр эмеспиз. Японияда мектептер 1-апрелде ачылат, себеби ошол кезде сакура гүлдөйт, балдар ошол гүлдөргө суктанып саякаттап келип, мектеп терезелеринен да аларды карап туруп, жаңы окуу жылына кирип кетет. Япония бир жылы эле окууларын он беш күн кеч ачып алса, өлкөдө эмне болуп кетерин элестетип көргүлө...

Анан эле бизде быйыл окуу он беш күн кеч ачылды. Эми дайым ушундай кылабыз дешти. Койгула, андай кылбагыла дейли...

1-сентябрь – Билим майрамы бойдон калсын, ошол эле күнү мектептер келечек муундарга эшигин ачсын...

Тема боюнча

Көптөн күткөн майрам! Мектептерде өткөн салтанаттуу линейканын видеосу
Белгилер:
Кыргызстан, Билим күнү, мектеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ