АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?

© AFP 2023 / AREF KARIMI Радикальное движение "Талибан"
Радикальное движение Талибан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Афганистандан АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыккан соң Кабулда кала турган түрк аскердик бөлүктөрү "өздөрүн окко тосот", анткени америкалыктар менен талибдердин тынчтык келишими бузулары айдан ачык.
Александр Хроленко, аскерий баяндамачы
Мындай көрүнүш Ислам республикасында согуштук аракеттердин кайрадан ырбашына оңтойлуу шарт түзөт.
Анын эпкини Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттерге да тийиши ыктымал. Ал түгүл Түндүк атлантикалык альянстын күчтөрүнүн "экинчи кырсыгына" себеп болушу мүмкүн экенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Жума аягында Ак үй АКШ жана Түркия президенттери Жозеф Байден жана Режеп Тайип Эрдоган АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылган соң Кабулдун аэропортун кайтаруу боюнча макулдашканын жарыялады. Аталган негизги аба жайынын коопсуздугун Түркия камсыз кылмакчы. Эске салсак, анын аскердик күчтөрү сентябрдан кийин да Афганистанда калат. Ошондой эле альянс афгандык атайын багыттагы кызматкерлерди Катардын аймагында Түркия, АКШ жана Улуу Британиянын күчтөрү менен даярдоону кароодо.
Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ушул бейшембиде Афганистанда түркиялык аскердик контингенттин калышы Доха келишимине каршы келерин, афган аралык улуттук жарашууга өбөлгө болбой турганын билдирди. Кеп мында 2000-4000 түркиялык жоокер туурасында. Андан мурда Афганистан өкмөтү менен түркиялык тарап сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Президент Эрдоган АКШ менен НАТОнун күчтөрү чыккандан кийин Афганистандагы туруктуулукту камсыздоого кол кабыш кыла турган "жалгыз ынанымдуу өлкө" болуп саналарын жар салган.
АКШ жана союздаштары тарабынан тийиштүү каржылоо жана материалдык жактан камсыздоо каралса, Афган ислам республикасынын борборундагы аэропортту кайтаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Түркия коргоо министри Хулуси Акар маалымдаган эле. Кабулдун аэропорту эбегейсиз, ири калаанын "ичинде" жайгашкан, анын коопсуздугун камсыздоо – болуп көрбөгөндөй татаал милдет. Талибдер чет өлкөлүк күчтөрдүн толук чыгышын талап кылып, Түркия да НАТОнун мүчөсү, башкача айтканда, ал да оккупант катары караларын эскертүүдө.
Державалар Афганистанда өз куралдуу күчтөрүнүн болушуна бир үмүт учкунун калтырууга тийиш экени белгиленет. Эксперттердин пикиринде, Ислам республикасындагы түркиялык аскердик бөлүктөрдүн болушу борбордук аба майданын жана АКШ элчилигинин коопсуздугу үчүн да эмес, Эрдогандын Осман империясын кайра жандандыруу тилеги үчүн кызмат өтөмөкчү. Ал ортодо Афганистандагы ансыз да опурталдуу абал дагы курчуй түшкөндөй. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейтараптуулукту сактоо жөндөмү да басаңдап барат.

Аймактык кызматташтык

18-июнда Афганистан менен Казакстан аскердик кызматташтык жөнүндө келишим түзүшкөн. Документке Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев жана Афганистандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб кол койгон. Макулдашууда биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү, аскердик кадрларды даярдоо, эки өлкөнүн чалгындоо кызматтарынын өз ара аракеттешүүсү жана медицина жаатында кызматташуу каралган. Аскердик кызматташуу жөнүндө жаңы афган-казак келишиминен улам АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзаддын Нур-Султанга болгон жакындагы сапарынын күн тартиби түшүнүктүү боло түштү. Ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Афганистандагы коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоого байланыштуу казак-америкалык кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшү жөнүндө сүйлөшкөн.
Вертолет Blackhawk  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
"Баграм" авиабазасы афган бийлигине өтөт: коалиция учуп кетүүгө үлгүрөбү?
Андан оболу Гератта Афганистан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери Мохаммад Ханиф Атмар жана Рашида Мередовдун жолугушуусу өткөн. Тараптар бир катар биргелешкен экономикалык долбоорлорду (ТАПИ (Түркмөнстан, Афганистан, Пакистан, Индия магистралдык газ түтүгү), Афган ислам республикасына электр кубатын берүү, темир жол куруу, Гераттан Түркмөнстанга мрамор экспорттоо) талкуулашкан. Бул эки мамлекеттин коопсуздук тармагында да бекемдеп бараткан кызматташуусун да камтышы мүмкүн. Афган ТИМ башчысы түркмөн аймагында Кабул менен "Талибандын"* сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экендиги үчүн Ашхабадга ыраазычылык билдирген.
Өзбекстан түштүк коңшусунун тынч жашоосун жөнгө салууда негизги ролдордун бирин аткарууга ниеткер. Өткөн аптада эле бул республика Афганистанга пандемия менен күрөшүү үчүн миң даана кычкылтек баллонун берген. Ташкенттегилер Афганистандын коопсуздугу Өзбекстандын коопсуздугу деп эсептешет. Ошол себептен Кабул жана "Талибандын"* жетекчилиги менен байланыш жолго коюлган. Аталган уюмдун таасирин өзбек тарап окуялар кандай нук алган күндө да эске алмакчы.
Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетектеген Өзбекстан делегациясы ушул күндөрү (18-19-июнда) Түркияда дипломатиялык форумга катышууда. Анда афган көйгөйү талкууланышы ыктымал.
Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин жана Жо Байден Афганистандагы кырдаалды 15-июнда Женевадагы саммитте талкуулашкан. Америкалык лидер террорчулуктун жанданышына жол бербөө үчүн "Афганистанда жардамдашууга" РФтин даярдыгын белгилеген. Андан мурун Россия коргоо министри Сергей Шойгу "болжолдуу коркунучтарды чогуу жоюуну пландоо" үчүн Тажикстан жана Өзбекстанга барган эле.

Террордук коркунучтар

Афган аралык тынчтык келишимдери ушул тапта туңгуюкта. 1-майдан тарта АКШ жана НАТОнун күчтөрүнүн чыгарылышы Афганистандагы террорчулардын эрегишүүсүн жана кармаштардын активдүүлүгүн тездеткен. Күч мекемелери ай сайын жүздөгөн жоокеринен айрылууда, атап айтканда, апрелде 388, ал эми май айында 1 134 аскер жана полиция кызматкерлери шейит болгон.
Талибдер курал, техника, анын ичинде оор артиллериясы менен бир нече аскердик базаларды басып алышты. Афган ислам республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түркмөнстан менен чектешкен Фарьяб провинциясындагы 17-июнда талибдер менен кагылышта атайын багыттагы бөлүктүн жоокери набыт болуп, дагы 15 күч кызматкери дайынсыз жоголгон. "Талибан"* аскер жана жай жарандарды өлтүрүп, жеңишке жана мамлекеттик бийликти ээлөөгө согуш күчү менен ашыгууда.
Мурдараак Нангархар провинциясында полиомиелитке каршы эмдеп жаткан беш адис өлтүрүлгөн. Афган ислам республикасында эмдөө кампаниясы талибдер ок жаадырып жатканда – марттын аягында башталган. 34 провинциядагы 9,6 млн бала эмделүүгө тийиш болчу.
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
9-июнда Тажикстанга жакын райондордун бири – өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Баглан провинциясында талибдер минаны зыянсыздандыруу менен алектенген HALO Trust британ-америкалык коммерциялык эмес уюмунун 10 жарандык кызматкерин өлтүргөн. Ошол кол салууга жоопкерчиликти ИМ* согушкерлери алды.
Түркия менен Афганистандын алакаларынын эзелки жана жылуу тарыхы бар деп эсептелгендиктен, Ислам республикасында түркиялык күчтөр кандайдыр метафизикалык түрдө мамлекеттик коопсуздукту жана аймактык туруктуулукту камсыздап, коңшу Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамилелеринин өркүндөшүнө өбөлгө болмокчу.
Ошентсе да Афганистандагы түркиялык вазийпа жана коопсуздук деңгээли азырынча көбүнесе талибдердин касташкан эркине жана чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышынын ыкчамдыгына жараша экени түшүнүктүү.
* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топтор.
Жаңылыктар түрмөгү
0