19:37 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
463 0 0

НАТО мамлекеттеринин коргоо министрлери эки күндүк видеоконференция өткөрүп жатышат. Бул Жо Байден бийликке келгенден берки биринчи саммит.

Жолугушуунун натыйжасы бүтүндөй дүйнө жүзү үчүн маанилүү. Мында негизги душманы Россия эле эмес, Кытай да көрсөтүлгөн стратегиялык концепция эле каралып тим болбостон, дагы бир маанилүү чечим кабыл алынат. Анын жыйынтыгы жакынкы айларда эле кандуу согушка кептеши толук мүмкүн. Бул жагдайга РИА Новости баам салган.

Дональд Трамптын учурунда АКШ дегеле бир согуш отун тутанткан жок, экс-президент керек болсо болуп жаткан кагылыштарды токтотуп, америкалык жоокерлерди үйгө кайтарууга аракет жасады. Биринчи кезекте Афганистан эле, Вашингтон бир жыл мурун өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган талибдер менен аскер күчтөрүн чыгарып кетүү боюнча макулдашууга кол койгон. Алар 1-майга чейин толугу менен чыгарылып бүтүшү керек, буга эки жарым айдай эле убакыт калды. Трамп контингентти 10 миңден 2,5 миңге чейин кыскартууга жетишти, бирок ушу тапта Афганистанда НАТОнун 7,5 миңдей аскери бар. Албетте, аларды да өлкө аймагынан чыгаруу керек, бирок алар өздөрү деле америкалыктарсыз калмак эмес. Ошентсе да бүгүнкү күндө аскер күчүн чыгаруу чечими жокко чыгарылып калышы ыктымал. НАТО министрлери дал ушул маселеге баш оорутуп жатышат.

АКШнын жаңы администрациясы Афганистандан кеткиси жок, жоокерлерди чыгаруу чечими расмий чыга элек болгону менен Вашингтондо "макулдашуу кайра каралып" жана "Талибан алган милдеттерин аткарган-аткарбаганы талкууланып жатканы" айтылып жатат. Жаңы мамлекеттик катчы Энтони Билнкендин былтыр эле Кошмо Штаттар Афганистанда калышы керектиги тууралуу айтканын эске салсак, аталган маселе чечилип калган сыяктанат. НАТО мамкатчысы Йенс Столтенберг "Афганистандагы миссия" боюнча чечим оңой болбой турганынын четин чыгарган.

"Биз калып согушка катышуубузду уланта бере алабыз. Же Афганистандан чыгып кетип, өлкөнүн кайра террорчулардын уюгуна айланышына жол берип тобокелдикке бара алабыз. Чечим оңой эмес. Талибдер террордук уюмдар менен байланышын токтотуп, зордук-зомбулукту азайтып убадасын аткарышы керек. Анын ордуна биз азыр зомбулук күчөп, андан медиктер, соттор, журналисттердин жабыр тартып жатканына күбөбүз", — деди ал.

Столтенберг аша чаап жатат: талибдер НАТО күчтөрүнө кол салбайбыз деген милдеттемесин аткарууда. Ал эми өлкөнүн ичиндеги чыр-чатакты токтотууга мүмкүн эмес, анткени анын башкы себеби дал ушул америкалык оккупация болуп жатат. Эгер азыр Вашингтон аскерлерин калтырып койсо, Афганистанда кандуу согуш башталат. Талибдер ансыз деле өлкөнүн төрттөн үч бөлүгүн каратып алган, эгер америкалыктар аскер күчтөрүн чыгарабыз деп чыгарбай койсо, НАТОнун күчү менен отурган Кабул өкмөтүнө каршы кадимки согуштук аракеттерди жандантат. Мунун капшабына америкалык оккупанттар да илинип калары бышык. Байдендин көздөгөнү ушулбу?

Америкалыктар Афганистанда өзү жөнүндө жылуу пикир калтыра албайт, бул турулуу иш. 20 жылдык оккупация учурунда АКШ афган коомчулугуна жек көрүндү болуп бүттү. Азыр бийлик башында отургандар да америкалык аскерлер кетери менен күнү бүтөрүн билип турат.

Алгач Кошмо Штаттар Афганистанды Россия жана Кытай менен чектешкен Борбордук Азияга таасир этүү үчүн плацдарм катары көргөн. Бирок 20 жылдык убакыт америкалыктар Кабулда эч бир жөлөп-таяр ишенимдүү күч деле таба албаганын көрсөттү. Талибдер эч жакка кетпей эле өлкөнүн басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп жатканын айтпай тек коелу. Трамп атлантисттердин бүтүндөй дүйнө жүзүн башкарып туруу планы менен иши да жок болчу, ошондуктан ал аскерин чыгарып Афганистан дегенди таптакыр унутуп коюуга даяр эле. Ал эми Байден глобалисттик командасы сыяктуу эле Американын дүйнөлүк гегемон бойдон каларына ишенип жатат, эч кандай негиздин жоктугуна карабай булар ойлорунан кайткыдай эмес. Бирок азыркы бийлик деле Афганистанда калуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп турат, андыктан Байдендин тушунда Трамптын 1-май тууралуу милдеттенмелерин жокко чыгарылса да эртеби-кечпи, аскери акыры кетет.

Азыр АКШнын эки жолу бар.

Биринчиси — талибдер согуштук аракеттерин жандантат, Америка аскеринин санын көбөйтүп, афган армиясына дем-күч берүүгө жан үрөйт. Бул деле эч жыйынтык бербейт. Андан соң америкалыктар кайра талибдерга өз оюн таңуулаган сүйлөшүүлөрдү баштап, анысы деле аскерлерди чыгарчу жаңы мөөнөттү белгилөө менен чектелет. Аракет оңунан чыкпай, чабуулдарынын биринде талибдер Кабулду алат. Ошондо анан америкалыктар абийири төгүлгөн бойдон аскер базаларынан тез арада чыгып кетүүгө мажбур болушат.

Экинчи вариант да болушу мүмкүн, азырынча ишке ашышы ыктымал деп туралы. Бирок бул үчүн АКШга Россия керек. 1-майдан баш тартуу убактылуу чара экенине, оккупациянын аяктачу күнү аныкталганына талибдерди ишендирүү зарыл. Башкача айтканда, Кошмо Штаттар 2020-жылдын февралындагы келишимди таптакыр жок кылып салбай, өз милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтүн жылдырып жатканын көрсөтүшү керек. Талибдер ишенеби? Ооба, бирок бир шарт менен. Мында Афганистан ичинде сүйлөшүүлөр башталышы керек. Бул үчүн өлкөнүн расмий бийлигин катуу кысмакка алуу кажет, АКШ эле эмес буга Россия менен Кытай да киришиши керек. Талибдерге америкалык аскерлер чыгып кетет деген ири державалардын кепилдиги зарыл. Ал эми Кабул өкмөтү талибдер менен бийликти тең салмакташтыруу боюнча ийри отуруп түз сүйлөшүүдөн башка аргасы жок экенин түшүнүшү шарт.

Россия АКШны дал ушундай кадамга түртмөлөп жатат. Февралдын соңуна чейин Москвада Афганистандагы абалды жөнгө салуу боюнча көп тараптуу — Россия, Кытай, АКШ жана Кабулга таасири күч коңшулары Пакистан менен Ирандын сүйлөшүүсү өтмөкчү. Ирандын иш-чарага катышуусу азырынча күмөн болсо да (ирандыктар америкалыктар менен жолугууну каалабайт) Байдендин администрациясы жолугушууга даяр экенин Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов айтты.

Анын билдирүүсү Афганистандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 32 жылдыгына арналган иш-чарада жаңырды. СССР ал жакта тогуз жыл жүрсө, АКШнын Афганистанга барганына 19 жылдан ашты. Тынчыраак чыгып кетиши үчүн АКШга Россиянын жардамы керек. Албетте, мунун баары Вашингтондун улуттук кызыкчылыктарынын корголушу биринчи орунда болсо гана ишке ашат. Афганистанда калып калыш үчүн Америкага эч кандай Россиянын зарылдыгы жок. Болгону ааламды аңтарам деген менменсинүү, көкүрөк койгулаган текебердик жетиштүү. Бирок азыр буга афгандар да, орустар да, дегеле эч ким ишенбей калды. Жадагалса "вашингтон сазына" батпаган америкалыктардын өздөрү да ача ойдо.

Тема боюнча

Аалам аңтарылчудай... Афганистанда куралданган талибдер, кетип жаткан америкалыктар
Белгилер:
Жо Байден, макулдашуу, Талибан, Аскер, Россия, Афганистан, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ