Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер шайлоо участкасында. Архив
Кишилер шайлоо участкасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.

Журналист Эламан Карымшаков шайлоонун шарапаты кызып турган маалда эл эске алчу эки нерсени айткысы келген.

Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот.

Парламент кандай укукка ээ?

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада...

Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт.

Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт.

Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат.

Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз

Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү — парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат.

Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам.

Сизде эки тандоо бар

Биринчи тандоо:

VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. "Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду" деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын.

Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот.

Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин...

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк.

Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат.

Экинчи тандоо:

Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз.

Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем.

Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз.

"Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок.

Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди.

"Элине жараша бийлиги" дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү!

P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0