Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгилеп жатат. Колумнист Шаакан Токтогул адамзат жашоосундагы эң улук, эң бийик түшүнүк — эгемендик тууралуу кеп салды.

Жер жер болуп жаралгандан, киши киши болуп кошо бүткөндүр. Киши киши болуп жаралганы улут-улутка, эл-элге бөлүнгөнү да чындыктыр. Антпесе, өз алдынчалуулук, ар улуттун ички өзөгү, тили, маданияты, салт-санаасы кайдан сакталмак, эркиндикке умтулуу кайдан болмок. 

Тизгин жаяр

Элдин энчисиндеги эң кымбат нерсе - эгемендик. Эл эл катары калыптанып жашаганы менен өз аймагын, тилин, маданиятын, улуттук баалуулуктарын туу тутпаса, өз көз карандысыздыгын жеңип чыкпаса, эгемендикке ээ боло албаса эч качан улут катары, мамлекет катары калыптанбайт. Кайран кыргызым, миңдеген жылдарды, жүздөгөн доорлорду карытып, элден каганатка, андан Дөөлөткө, Дөөлөттөн ири цивилизацияга чейин өсүп жетип, бирде эгемен болуп, эбегейсиз аймакты ээлеп, бирде күнкор болуп кордук тартып, бирок элдик бай казынасын, улуттук улуу түшүнүктөрүн жоготпой жашап келди. Дөөлөтү артып, даңазасы таш жарган доорду көрдү кыргыз, куту уюп, байманасы ташыган доордо жашады кыргыз. Бирде төрт тарабы тең жүгүнүп баш ийсе, бирде төрт тарабы тең кысып, башы ийилди. Неси болсо да түптүүлүгүн жоготпогон Кыргыз деген улут алдында, анын тарыхы алдында, эрен-берен, шерлери, көсөм, чечен, билгилери алдында баш иймегибиз бар.

Кыйын күндөр өттү! Президент элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Учкай тарых

Кыргыз кыргыз болуп жаралганы өз мамлекеттүүлүгү үчүн тынымсыз күрөш жүргөн өңдүү. Тээ Манас ата доорунан бери эчен жолу мамлекет түптөп эгемен болуп, эчен жолу эркиндигин колдон учуруп кыштым болгондур. Тарыхта такталып жазылганы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө буга чейин 2200 жыл делсе, кийинчерээк 3000 жылды чапчыды. Эне-Сай доорундагы кыргыз каганаты, кыргыз маданияты цивилизация катары бааланганы төгүн эмес. Кийим, буюм, жашоо-шарт, тирлик, темир иштетүү, кен казуудан сырткары өз жазуусун калыптандырып, таш эстеликтерди калтырганы да чын. 8-кылымда Барсбек атам башында турганда капилет баскан түрктөр туусун жыгып, эрин кырып кыштымдыкты башка салды эле. Андан кийин күнкорлуктан арданган кыргыздар жүз жыл бою тынымсыз күрөшүп, бирде эгемендик алып каганатын түптөсө, бирде жеңилип калып ментинен тайды. 840-жылы Уйгур каганатына кол салып, ордосун талкалап, өз эгемендигин жар салып, Улуу Кыргыз Дөөлөтүн түптөдү. 400 жыл жашаган бул дөөлөт балким, алсыз урпактардын эпсиздигинен ыдырады, алсырады, аягында Чынгыз ханга карам болду.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Андан бери көп суу акты, көп доор алмашты. Кыргыз деген ат өчпөй, бирде ирдене калып, бирде чабылып-чачылып, бирок орто кылымдарга келип өз кандыгын кайра түптөп, кыргыз, казак, кыпчактарды кошуп ордо калаасы Ташкенде ири хандык орноду. Ал кездин кыраандары Эр Эшим, Көкүм хан, Хан Тейиш, Манап бий, Чаалар эле. Калмактын чоң кыргынында кыргыз кандыгы талкаланып, эл-жеринен айрылып, ооп кетти. Анан, анан, өз Ата Журтун, өз жерин эңсеген, өз элин бөтөнгө бийлетпеген эрендер эр жетти, эл эркиндигин жеңди. Бирок кысымдар кайра, кайра боло берди. Жоокердиктин шарданасы улана берди. Улам жеңип, кайра жеңилип жүрүп отуруп, көп жылдык талап-тономой, алым-салык, анан келип Советтер Союзунун күрдөөлү башталды. Андан алгачкы кыргыз элитасы азганакай жер менен азганакай элди аман алып калды. Ошентип жетимиш жылдык союздан 1991-жылдын 31-августунда өз эгемендигин алып, Кыргыз Республикасы түптөлдү эле.

Эгемендиктин курмандыктары

Санаттай берсе санжыра узун, таржымалдаса тарых узак. Ар бир каганаттын, ар бир хандыктын, ар бир күнкор мезгилдин, ар бир эркиндик үчүн күрөштүн, ар эгемендик жеңиштин, ар бир жортуулдун, ар бир кыргындын, ар бир сүргүндүн курмандыктары бар, болгондо да өтө көп. Турган-бүткөнү менен жоокерлик канга сиңип калганы да ошондон. Анткени узак тарых күрөштүн сабагын берди. Жеңиштин даамын таттырды, ызанын ыйын жуткурду. Кыргыз кыргыз болуп жаралганы эгемендик үчүн ээ-жаа бербей күрөшүп жүрүп отурду.

...Эсиңдеби, Манасты Коңур амал менен жайлаганы, ага чейин бири миңге татыган кыраан чоролорун жашынып жаткан Шыпшайдар бирден терип түшүргөнүчү. Эр Сыргак, берен Чубак, алп Алманбет, көсөм Бакай, чечен Ажыбай, төлгөчү Төлөк, акылман Серек ар бири Хандан артык асылдар эмес беле. Ошон үчүн Манастын күйүтү, кыраан кырк чоро күйүтү эмдигиче бүтпөс.

Элди коргоп, улутту сактап калган кайрандар. Эр-азаматтар тууралуу баян

Андан кийин бизге жеткен тарых Барсбектин өлүмүчү. Жүздөгөн жылдар унутпай, түрктөр  менен тирешип, Барсбектин жолун улоого, кыргыз кагандыгын кайра куроого аракет токтободу го. Барсбекти кыргыз канча жоктоду. Уу ичкен Көкүмдүн күйүтү бар, аз кол  менен көп калмакка беттешкенде Хан Тейиш баштаган асылдар кетти. Аккочкор, Каңкы, Алакчын баатыр, Улак баатыр, дагы биз билип-билбеген нечен эрлер, шерлер канча калмактын башын ала жатты эле го. Кыргыз уулун сактайм деп курман болгондо калмак колунан каза тапкан Эр Солтоноюң, Бердике берениң, Кошой бийиң, Бишкек, Нышаа баатырларың өлдү, эркиндик деп кан какшап. Эки бирдей эрен уулдары менен кошо жайраган Жайылыңчы. Чыдамы менен көктүгү жанда жок Жаманкараңчы, эркиндик деп зар какшаган Алымбегиңчи, Искагыңчы, Абдылдабегиңчи. Алардын күйүтү сууй электе эле Улуттук Боштондук күрөштө не деген уулдар каза тапты, кыргыздын намысын ала жатты.

Багыбызга Абдыкадырлар, Ыманаалылар, Касымдар, Ишенаалылар, Баялылар бар экен, шүгүр, эгемендик деп зар какшап жүрүп алар да жайрап калышпады беле. Ата Мекендик согуш канча азамат агалардын башын жутту. Кыргыз эл деп, кымындай жер деп каруусун казык кылган, канын азык кылган эсил кайран аталар, эрен өткөн агалар, эзелки баатыр бабалар болбосо эгемендик кайда эле. Тарыхтын бир бүктөмүндө, замандын бир капсабында жылт этип жанган учкунчалык болбой эчен эл, эчен улут жок болуп кетпеди беле.

Аталар арбагына таазим...

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

Тизгин жыяр

Кыргыздын туусу ар заман, ар доордо ар башка болгону айтылат. Ушул азыркы учурда кызыл болуп калганы да төгүн эместир. Эселек уулдарга, азыркынын эл кадырын, жер кадырын билбегендерге эгемендик тээ байыртан жашап өткөн эчендеген эрлердин канына боелгонун аңдатып жаткандыр. Байыркы бабам кандай эле дегенде элес-булас эстээрбиз. Андагы күүгүм туман көздөнгөн, майланган буудай жүздөнгөн, көзү тик, мурду кырдач баатырларды көрөрбүз. Азыркынын мурду кыска акылы аз, эрини жука чыдамы аз уулдарынын эсине Эгемендик таберик мурас экенин аны көздүн карегиндей аяр тутуу ар бирибизге милдет экенин сала кетким келди.

"Аккан арыктан суу агат" деген ырас, бирде акпай да калат экен. Бирок суу келген из менен качандыр бир дагы суу жүрөрү тарых тастыктаган чындык. Түбү терең, учугу узун кыргыздан жакшы уулдар да чыгып келген, чыга берет.

Эгемендик жамы кыргызга кут болсун!   

Жаңылыктар түрмөгү
0