13:01 03 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.5222
  • EUR82.1316
  • RUB1.0658
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
139410

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов биринчи жолу колумнистика жазды. Аны бүгүн мектеп менен биротоло коштошуп, алдыга маанилүү кадам таштап, ийгиликтерди багындырам деген бүтүрүүчүлөргө арнады.

Жети жыл мурда мен дагы өзүм курактуулар өңдүү мектепти бүтүп жогорку окуу жайга тапшырып, бир кесиптин ээси болом деп кубанычым койнума батпай жүргөн кезим болчу. Университеттер документтерди кабыл ала баштаганга чейин чөптү жыйып, талаа иштерин бүтүрүп шаарга кетишиң керек. Ата-энем айылда мал чарбачылыгы менен алектенип, беш эркек баланы тарбиялап чоңойткон. Мен төртүнчүсүмүн.

Өспүрүм кыз. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Элетте өскөндөр билет, балким азыр деле ошондойдур. Окуу жылы аяктап, ЖОЖдорго кабыл алуу башталганда базарда малдын баасы арзандап кетет. Анткени уулун же кызын окууга өткөрүү үчүн бири-эки жылдан бери атайын багып жүргөн жандыгын айылдагылар базарга сатканы чыгат. Биздикилер да алардан кем калышкан эмес. Дегеним, атама "университетке өз күчүм менен өтөм, көрсөткүчтөр деле начар эмес" десем да болбой койду. Балким "ишенген балам тапшыра албай кайра айылга келбесе экен" же "мугалимдер акча сураса берсин" дегендир.

Айтор, тоону томкоруп, чоң эрдик жасаганы жаткансып жайлоодон күрөң кунажынды алып түштүм. Караколдогу базарга алып барганымды айтпай эле коеюн. Ал күндөрдү эстегим да келбейт, кыжалат болом. Ошондо "эмнеге атам эки жыл жем-чөбүн берип, артынан калбай кайтарган уйдун акчасына шаарда жылуу-жумшак жашаган неме чардашы керек? Эч нерсе боло элек жатып алардын колуна олчойгон акчаны карматсам оңгулуктуу деле окубайт окшойм. Кийин балдарым "ата, сиз кантип университетке өттүңүз эле" десе, "мага күрөң кунажын жардам берген" дейминби" деп түйшөлдүм.

Атамдын сөзүн эки кылбай аны сатып, жайдын саратанында документтеримди салып алып Бишкекке жөнөдүм. Борборго келгенде тааныш-билиши, тыйыны жок эле 250 сомго каттоодон өтүп жакшы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып өтүп кеттим. ЖОЖду үч жыл мурда ийгиликтүү аяктагам.

Албетте, менин окуямды атактуу хирург Иса Ахунбаевдикине салыштырууга болбойт. Ал инсан кезинде борбордон билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн бери жөө келген жайы бар. Ал эми белгилүү композитор Муратбек Бегалиев музыка деп, 7-классында ата-энесинин каршылыгына карабай түнкү автобус менен айылдан шаарга качып келиптир. Чөнтөгүндө сокур тыйыны жок эле окуп ийгиликтерге жетип, дүйнөнү багындырышты. Мындай асыл инсандарыбыз көп.

Айтайын дегеним, азыркы айрым студенттерге аябай боорум ооруйт, алардын ата-энелерин аяйм. Байкуштар окууга эптеп өтүп алып, чабалдыгынан улам төрт-беш жыл бою айылдагы туугандары менен биргеликте калаадагы мугалимдерди убактысынан кечиктирбей багат. Айрымдары өздөрүнүн жана "улуу устаттарынын" көңүлүн калтырбоо үчүн күнү-түнү иштесе, дагы бири чет өлкөгө чейин акча тапканы кетип, "агартуучуларына" атайын тыйын салгандар четтен чыгат.

Кыскасы, бүтүрүүчүлөр, окуу жайды аяктаганда мал базарда силер үчүн сатылган күрөң кунажын, таргыл бука, тору тай жана кара козуларды эстей көрбөгүлө. Жашоодогу ар бир аракет, кыйынчылыктар курчутуп, ал ирмемдерди сыймыктануу менен айткандай болуш керек экен.

Ии, баса, баягы күрөң кунажындын акчасы парага эмес, тууганчылыкты бекемдеген жакшылыктарга жумшалган.

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Тема боюнча

Мугалимдердин кейпин эмес, укугун ондосок...
Итпи же чочкобу? 8-мартка мугалимдер алган күлкүлүү 5 белек
Белгилер:
абитуриент, бүтүрүүчү, Жогорку окуу жайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ