18:35 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Китептеги калемсап. Архив

Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
307760

Акындык да, адамдык да жолу аксап, күйөөсүнүн кызганычынан ок жеп, азиз болуп калган акын аялдын тагдыры... Күйөөсү Алмашты аттым деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акындын көзү көрбөй калат. Жакында кыргыз поэзиясындагы ошол жарык жылдыз биротоло өчтү. Бул туурасында колумнист Абдыкерим Муратов мүрзөгүл жазды.

Биз анда Ошто пединститутта студент элек. Алмаш Чойбекова ошол эле шаарда жаңыдан эле ачылган театрда иштеп жатыптыр. Жылнаамада 20-кылымдын 70-жылдарынын башы эле. Келбети, сулуулугу эми бир укмуш кыз болчу… Эркектин баары эбедейи эзиле сүйүп, өзүнчө бир сулуулуктун символу катары сезилчү. Айтылуу адамдар артынан эрчип, ыр арнашып, сүйүү сезимин билдирип… айтор, анын жаштыгы бизге жомоктой сезилчү. Ошондо ал жыйырма беш-жыйырма жети жаштарда экен.

Бир жолу театр менен Ысык-Көлгө гастролго кетип, көп күн жүрүп, Ошто калган күйөөсүн сагынып ыр жазат.

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Чеберчиликти карабайсызбы?! Ар бир сабы метафора, салыштыруу, эпитет менен коштолуп, алар биринин артынан бири ээрчишип келет. Мындай саптарды текши поэтикалык каражаттар менен коштоо чебер акындын гана колунан келбесе, баары эле мындай сапты сапка кынай албайт эмеспи. Алматай – Алмаш акын ушундай чебер эле.

Ошентип ал, кыргыз поэзиясына кылдат акын, пейзаждык лириканын устасы катары кирип, тааныла баштады.

Анан эле жогорку театралдык билими жоктуктан роль тийбей четке чыгып калдыбы, же дагы башка себептери болдубу, Оштон да, театрдан да кетип калды. Кеткенде да туулган жери Кетмен-Төбөнүн Чоң-Арык айылына пионер вожатый болуп кетип калды… Андан ары үч жылдан соң Фрунзеге кетет… Ошол кетишинде журналистика менен алектенип иштеп жүрөт, 1979-жылы "Ак булут" аттуу биринчи ыр жыйнагы чыгат, 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүрүп, 1981-жылы СССР Жазуучулар союзуна өтөт.

Жогорудагы "Барам сага" деген ыры анын акындын дараметин гана көрсөтүп калбастан, элге таанытты, композитор Жайлообок Жалгасынов музыка жазып, Дарика Жалгасынова маэстро Асанкан Жумахматовдун дирижёрлугунда оркестр менен ырдап чыкты. Кийин Дооронбек Садырбаев "Махабат дастаны" фильминде "Бегимайдын ыры" кылып, казакча которуп, кинодо үнү жаңырды. Дагы бир таланттуу музыкант Кадыралы Артыков бул ырдын дагы бир обонун жаратты.

Дал ошол ыр арналган Алмаш эженин биринчи күйөөсү сулуу десе сулуу, ыр-музыкага жакын, келбети келишкен жигит экен. Он эки жыл түтүн булатышып, этегинен жалгабай эки башка кетип, ошондон кийин анын тагдыры башка нукка бурулат…

Кайдасың сагынган кымбатым,
Акылдан адашпас кылдатым.
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашык, сулуулук сымбатым.
Кайдасың кумардуу кучагым,
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сен менин конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын, —
деп кала берет.

1983-жылы "Ырлар", 1987-жылы "Өмүр салтанаты" деген ыр китептери чыкты, анын текстине Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшбаев сыяктуу обончулар не бир керемет обондорун жазды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алды.

Анын "Кыялдануу" деген ырына Кадыралы Артыков чыгарган обонду Медер Кыдыршаев деген табылгыс ырчы гитара менен аткарып чыкканда жүрөгү таш адам да дилин бир эзип алчу. Ананчы:

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп, —
деп акын, обончу, аткаруучу – үчөө биригип бизди жайлоого алып барып таштачу. Анын эң башында сөз турган, сөздүн күчү турган.

Анан эле акындын тагдыры такыр башка нукка бурулду. Кийинки – үчүнчү күйөөсү, аскер кызматкери, кызганчаак чыгып, Алматайды артынан аңдып барып, эки жолу атып, акыры аны өлтүрдүм деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акын эки көзсүз калат…

Көзсүз жашоо… Башка күйөөлөр… Жашоо болбой калды… Карызга батты. Өкмөт берген үй карыздарды төлөөгө кетти. Бизге, редакцияларга, телефон чалып, узак-узак сүйлөп, ырларымды баскылачы, бир аз калем акы бергилечи деп суранып турчу, биз да күндөн күнгө жакырданып, ыр да баса албай, калем акы да бере албай калдык… Эже болсо "Орто-Сай" базарында жетелетип жүрдү. Бешинчи күйөөсү атактуу акын Абдырасул Токтомушевдин уулу аны жетелеп жүрчү…

Акыры айласы кетиптир… Эмне максатта экен экөө Алайга жөнөптүр. Жолдо жүрөгү кыйнап, ооруканага түшүптүр, алар болсо дарылап бүтүп Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы карылар үйүнө жайгаштырыптыр. Акын сиңдилеринин бири Бурулкан Карагулованын сүрүштүрүүсүнө караганда карылар үйүндө экенин эч кимге айтпаптыр, ал жердегилердин да айтпашын талап кылыптыр…

Анан адегенде күйөөсү бул дүйнө менен кош айтышып, артынан өзү да кете бериптир… Белгисиз, кароосуз бир заттай…

Акындын бир ыры кулагымда дале жаңырып турат:

Ботонун көздөрүнөн ак шам өчсө,
Боздоодон туралбаган инген чөксө.
Бакытты куйган чөйчөк мелт-калт эмес,
Ай чыгат аз түн толо, көп түн бөксө…

Тема боюнча

Бир сүрөттүн тарыхы: Чыңгыз жана Бүбүсара! Бүбүсара жана Чыңгыз!
Белгилер:
Карылар үйү, азиз, акын, өлүм, Алмаш Чойбекова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ