"Эшек кыздар" чоңоюп келе жатабы?..

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева биринчи жолу колумнистика жазып турган чагы. Токтоо, ар нерсеге акыл калчап мамиле жасаган кызыбыздын мынчалык туталанышы бекеринен эмес болсо керек.

Макалама дал ушундай аталыш бергендигим үчүн эже-сиңдилерден алдын-ала кечирим сурайм. Бирок элдин көңүлүн бурдуруу үчүн айрым учурда катуу айтууга туура келет.

Ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз таңмай, төө басты, орто топ... Аң-сезимди өстүрчү улуттук оюндардын эрежеси
Өзүм абышка-кемпирдин колунда чоңойгом. Кары адамдар небереден айланып-тегеренип, "көлөкөдө" багат эмеспи. Иши кылып өз дарегиме эч бир орой сөз уккан жокмун. Ал тургай энемдин кыжырына катуу тийген күнү ал "тукумуң өскүр" деп урушчу. Ал кезде бул сөздүн маанисин түшүнбөгөнүм менен азыр ошол мээрими үчүн раматылык энекеме миң мертебе ыраазымын.

Өзүм бактылуу чоңоюп, анан да кызга эне боло элегименби, айтор, кыздын тарбиясындагы кемчиликтер жөнүндө ойлонбоптурмун.

Бир күнү уулум сыркоолоп, экөөбүз ооруканага жатып калдык. Ал жерден мени жаны кыйналган балдардан дагы алардын энелеринен кылыктары ойго салды.

Палатага бир балалуу жаш келин менен чогуу жаттык эле, ал таң аткандан кечке чейин эки жашар кызын "эшек эле эшек" деп уруша берди. Менден кичүү экенин билгенден кийин улуу катары "кыз кишини дагы ушинтип айтабы? Башкача урушпайсыңбы" деп акыл үйрөтүмүш эткем.

Кийин байкасам, ошол ооруканада жаткан энелердин көбү кыздарына кыжырланса эле ооздоруна дароо "эшек" деген сөз келет экен.

"Итти көп чапса кабанаак болот" дегендей, наристени эшекке салыштыра берип, кийин андан кем акыл бирөө чыгып калбайбы деп санааркайт экенсиң.

Кыздын үйдөгү орду

Социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаеванын айтканына караганда, мурда кыргызда кыз тарбиялоого өзгөчө көңүл буруп, ага үч критерий менен карашкан.

Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"
Биринчиси — кыз киши келечекте бирөөнүн жары, келини болот. Кыз бул үйдө конок. Ошондуктан, анын кырк чачын сыйлап, аздектешкен, жаман сөз, жаман көздөн коргошкон.

Экинчиси — аялзаты турмуш туткасы деп айтылгандыктан, оокатка, өз боюна, бала-бакырага тың болушу кажет. Үй тиричигили толугу менен анын мойнунда болгондуктан, кичине кезинен жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүшкөн.

Үчүнчүсү — эркек кылса орой көрүнбөгөн кыймыл-аракет, жүрүм-турум кыз балага жараша бербегендиктен, ага кырк үйдөн тыюу салышып, ыйманга, адепке үндөшкөн.

Түрктөр кызын өзгөчө эркелетишет

Түрк эли кыздарынан келечекте жолдошуна талапты катуу койгон, эрктүү аялдар чыгыш үчүн кичинесинен тарта айтканын эки кылбай, эркелетип багарын Стамбул шаарында көп жылдан бери бала багуучу болуп иштеп жүргөн Чолпон Алимбекова аттуу мекендешибиз айтат. Мындан улам кыз баладан өз оюн эркин айткан, максатына жете билген, эрки күчтүү инсан чыгат деп эсептешет.

Көкүрөктөгү боштукпу?

Медрсеседеги тарбиялануучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мусулман балдар бакчасы көбөйдү. Бөбөктөр кандай тарбия алып жатат
Азыркы жаш энелердин (20 жаштан 30 жашка чейинки) бир бөлүгү өздөрү Россияга, Казакстанга жылдап иштеп кеткен мигрант мекендештерибиздин кыздары. Балким алар өздөрү эне мээримин көрбөгөндүр? Эне-баланын ортосундагы болгон-толгон сүйүү, мамиле дал ушундай болот деп түшүнөттүр. Буга эми жалгыз эле жаш энелерди күнөөлөбөй эле коелу. Күнөөлүүлөрдү издеп отурсак, баягы эле жакырчылык, жумушсуздук, өлкө башкаруудагы кемчиликтерге барып такалып, аягы саясатташып кетебиз.

Жемиңди жедирбе

Мурдараак энелер бойго жеткен кыздарына "турмушка чыдамдуу бол", "үйүңдөгү сөздү айтып келбе", "кайненеңе каяша айтпа" деп атканын укчу элек. Эмнегедир акыркы кездерде "кайнежеңе жообун берип, ордуна кой", "күйөөң жиниңе тийсе үйгө келе бер, сени батыра албай калыптырбызбы?" деген сөздөрдү угуп калабыз. Социолог Топчугүл Шайдуллаева айткандай, мындай жол менен энелер кызын турмушта жемин жедирип ийбесин деп аткандыр. Анткени азыркы күрөш менен жашап калган коомдо ашкере адептүү болом деп башкаларга жем болуп калышың мүмкүн да.

Кыз-эркектин айырмасы жок…

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
Биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз деп дүйнөлүк стандарттагы өнүгүү жолуна түшүүгө аракет кылып жаткан кезибиз. А бул жерде аял-эркек деп бөлүүнүн өзү дагы артка тартуу сыяктуу кабыл алынып калган.

Азыр бизге, ата-энелерге, баланын кыз-эркегине карабай эле негизгиси ден соолугуна кам көрүп, окутуп, татыктуу кесипке ээ кылуу маанилүү.

Ошентсе дагы баланы, өзгөчө кыз баланы урушаарда "эшек" жана ушул сыяктуу сөздөрдү оозанбай эле коелучу. Ак барактай болгон наристенин "бетине" жаман сөздөрдү жазбайлычы. Ал жазууларды кайра өзүбүз эле "окуйбуз".

Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0