Кыргызстанда балдарга жасалган кордуктардын алдын алуу аракеттери көрүлүүдө. Депутаттар жашы жете электерге сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу керектигин айтышса, коомчулук аларды химиялык жол менен бычууну сунуштап жатат. Президент кордукчуларга катуу жаза каралышы керектигин белгиледи.