Панфилов паркында педофилдерге өлүм жазасын берүүгө кол топтолот

Жазылуу
Кыргызстанда жарандык активисттер балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө эң катаал жаза берүүгө чакырып жатышат.

БИШКЕК, 6-июнь — Sputnik. Борбор калаадагы Панфилов атындагы сейил бакта 7-июнда "Бактылуу балалык" деп аталган акция өтө. Бул туурасында "Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекет" деп аталган балдарды коргоо боюнча демилге тобу кабарлады.

Иш-чаранын максаты коомчулуктун көңүлүн балдарга карата Кыргызстанда болуп жаткан зордук-зомбулуктарга буруу дешти уюштуруучулар. Акциянын жүрүшүндө театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Балдарды зомбулуктан коргоонун символу катары колдонула турган "бакыттын полотносуна" бөбөктөр колунун изин калтырышат. Ага ата-энелер педофилдерге өлүм жазасын берүү петициясына кол коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0