Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Темтеңдеген кыздын видеосу жакаңды карматып...

Жазылуу
Кутман күнүңөр менен жакшылар. Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы?

Бүгүн жума. Күн бүркөө, чыкылдап суук. Анткен менен кар жаабайт дешти синоптиктер.

Жаңы жылды утурлай Кыргызстанда балатылар "түйшүгү" башталды. Бишкек мэриясы 15-31-декабрь аралыгында өтө турган жаңы жылдык иш-чараларга 3 миллион 454 миң сом сарптары белгилүү болду.

Бүгүнтөн тарта борбор калаада балаты саткан бир нече базар иштей баштайт.

Быйыл балатыны кооздоого Кыргызстандагы кайсыл шаар эң көп, ал эми кайсыл шаар эң аз акча сарптагандыгын бул жерден окусаңыз болот.

Шаардыктарга тиешелүү дагы бир кабар. Бишкек мэриясынан жол акынын 10 сомдон 15 сомго кымбатташы мүмкүндүгүн айтышты.

Нарында жардан алыс учуп кеткен баланы милиция таап келди.

Атасы ичке тепкен бала аны сагынып кусаланууда… дешти.

Жакаңды кармагандан башка чара жок. Албетте, ар кимдин өз иши, бирок… Бул кыз баланын рулда отурган-отурбаганы азырынча тактала элек. Айтор, бир нече адам ажалдан калганына "өх-ххх…" дедик.

Ааламда. Алыскы Британияда жүрөгү сыртында жайгашкан кыз төрөлдү.

Ал эми бир хирург операция жасаган пациентинин бооруна лазер менен аты-жөнүн чегип жазыптыр. Уккандан уга элегиң көп. 

Грипп аялдарга караганда эркектерди дароо төшөккө жыгат экен

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Жакшы күндөр али алдыда

Алдыдагы эс алуу күндөрүңүздүн бейкапар өтүшүн каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0