https://sputnik.kg/20260421/1100913081.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлерин кармадыТрамп Иранды сүйлөшүүлөрдөн баш тартса кесепети жаман болот деп зекидиПарламент... 21.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-21T15:00+0600
2026-04-21T15:00+0600
2026-04-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100912915_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9904da5e46f2a378f541985fc2a46d84.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлерин кармадыТрамп Иранды сүйлөшүүлөрдөн баш тартса кесепети жаман болот деп зекидиПарламент комитети БШКнын курамын кыскартууну колдодуКонституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров демилгелеген. Мыйзам долбоору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалганын УКМК билдирди.Алар опузалап пара талап кылууга шектелип жатат. Кызматкерлер Россиянын жаранынан кылмыш иши боюнча жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылган дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр акчаны түз албай, чет элдик банк эсептери аркылуу бөлүп которуу схемасын колдонгону аныкталган. Акча "Сбербанктагы" карталарга үчүнчү жактар аркылуу түшүп, кийин накталанып, Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштырылган. 17-апрелде бөлүм башчы жана ыкчам кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары, ишке тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
Барскоон – Бедел автожолуна эки тоннель жана 50дөн ашык көпүрө курулат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги трассанын бүткүл узундугу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр аяктаганын билдирди. Учурда бетон заводдорун, майдалоо-иргөө комплекстерин, карьерлерди, вахталык шаарчаларды жана башка убактылуу объектилерди куруу иштери жүрүп жатат.Долбоорго ылайык, эки тоннель куруу каралган: №1 тоннель (Сөөк) — узундугу 5 340 метр; №2 тоннель (Ашуу-Суу) — узундугу 3 788 метр. Көпүрөлөрдү куруу иштери азырынча даярдык этабында. Учурда объектиде 550дөн ашык адам иштеп жатат. Жалпы автожолдун узундугу 160 чакырымдан ашык болуп, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылы менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пунктун байланыштырат. Долбоорду болжол менен беш жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде Иран алар менен сүйлөшүүдөн баш тартса, анын кесепети оңбогондой оор болорун айтып, коркутууда. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Алар сүйлөшүүлөргө барууга мажбур, антпесе буга чейин кездешпеген көйгөйлөргө кабылат", — деп Трамп радиожурналист Жон Фредерикске айткан. Америкалык лидер ошону менен катар эле Вашингтон менен Тегеран кепке келерине ишеним артып турганын билдирди. Ак үйдүн кожоюну мындай учурларда Иранда өзөктүк курал болбошу керектигин да кошумчалаган. Ал эми Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф буга чейин Тегеран АКШ коркутуп-үркүткөн ыкмаларды колдонуп жатканын, мындай учурда сүйлөшүүгө эч качан барбастыгын айткан.
УКМК 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлерин кармадыТрамп Иранды сүйлөшүүлөрдөн баш тартса кесепети жаман болот деп зекидиПарламент комитети БШКнын курамын кыскартууну колдодуКонституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров демилгелеген. Мыйзам долбоору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, БШКнын сандык курамын кыскартуу сунушталууда.ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалганын УКМК билдирди.Алар опузалап пара талап кылууга шектелип жатат. Кызматкерлер Россиянын жаранынан кылмыш иши боюнча жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылган дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр акчаны түз албай, чет элдик банк эсептери аркылуу бөлүп которуу схемасын колдонгону аныкталган. Акча "Сбербанктагы" карталарга үчүнчү жактар аркылуу түшүп, кийин накталанып, Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштырылган. 17-апрелде бөлүм башчы жана ыкчам кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары, ишке тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды. Барскоон – Бедел автожолуна эки тоннель жана 50дөн ашык көпүрө курулат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги трассанын бүткүл узундугу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр аяктаганын билдирди. Учурда бетон заводдорун, майдалоо-иргөө комплекстерин, карьерлерди, вахталык шаарчаларды жана башка убактылуу объектилерди куруу иштери жүрүп жатат.Долбоорго ылайык, эки тоннель куруу каралган: №1 тоннель (Сөөк) — узундугу 5 340 метр; №2 тоннель (Ашуу-Суу) — узундугу 3 788 метр. Көпүрөлөрдү куруу иштери азырынча даярдык этабында. Учурда объектиде 550дөн ашык адам иштеп жатат. Жалпы автожолдун узундугу 160 чакырымдан ашык болуп, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылы менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пунктун байланыштырат. Долбоорду болжол менен беш жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде Иран алар менен сүйлөшүүдөн баш тартса, анын кесепети оңбогондой оор болорун айтып, коркутууда. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Алар сүйлөшүүлөргө барууга мажбур, антпесе буга чейин кездешпеген көйгөйлөргө кабылат", — деп Трамп радиожурналист Жон Фредерикске айткан. Америкалык лидер ошону менен катар эле Вашингтон менен Тегеран кепке келерине ишеним артып турганын билдирди. Ак үйдүн кожоюну мындай учурларда Иранда өзөктүк курал болбошу керектигин да кошумчалаган. Ал эми Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф буга чейин Тегеран АКШ коркутуп-үркүткөн ыкмаларды колдонуп жатканын, мындай учурда сүйлөшүүгө эч качан барбастыгын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100912915_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bccd4787923e1e3c15a87c75f9061fb9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио