Атыканов: жол кире 15 сомго чейин кымбаттоосу мүмкүн
Жол кире 15 сомго чейин кымбаттоосу мүмкүн. Бул тууралуу Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтуусунда, учурда жол акыны так эсептеп чыгуу иштери жүрүүдө.
"Күйүүчү май кымбаттаган сайын кичи автобустардын айдоочулары жол акыны көтөрүү маселесин коюшууда. Ушуну менен катар эле биз айдоочулардан сапаттуу тейлөөнү талап кылганыбызда да жол кире маселесин көтөрүшөт. Эгер күйүүчү май акырындык менен кымбаттай берсе, анда сапаттуу тейлөөнү талап кылуу менен биргеликте жол кирени көп эмес өлчөмдө көтөрүүгө негиз болот. Так айтпай эле коеюн, болжолдуу түрдө 15 сомго чейин кымбаттоосу мүмкүн", — деди Атыканов.
Ал жол акынын мындан ашыкча кымбаттоосу мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.