00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:08
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинети Кыргызстандын мектепке чейинки, жалпы кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кабыл алынган документтин максаты – мектепке чейинки, жалпы кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун бирдиктүү тартибин белгилөө, санариптик технологияларды киргизүү жолу менен конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу, бош кызмат орундарына ыкчам дайындоо үчүн башкаруучу кадрлардын туруктуу резервин түзүү. Ага ылайык, өлкөнүн мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Быйыл Кыргызстанда күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов билдирди. Анын айтымында, мындай сейсмикалык кооптуу абал 2026-жылдын аягына чейин сакталат. "Кыргызстандын аймагында жылына 9 500дөй жер титирөө болот, эл анын 20га чукулун сезет, калганын аспаптар гана каттайт. Демек, биз жер байма-бай силкинип турган аймакта жашаганбыз жана жашай беребиз. Божомол жасоо — жакшы көрүнүш эмес. Кайсы аймакта канчалык жер титирөө болорун айта алганыбыз менен качан силкинерин айта албайбыз", — деди Абдрахматов.
Бишкек шаарында 27-апрелден 3-майга чейин хоккей боюнча эл аралык турнир — жаштар командалары арасындагы Азия кубогу өтөт. Бул тууралуу КР Хоккей федерациясы билдирди. Оюндар "Номад Арена" муз аянтында өткөрүлөт. Кубок үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия, Индия, Индонезия жана Макао курама командалары күч сынашат. "Биздин чоңдордон турган улуттук курама командабыз дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионунун "Б" тайпасындагы ордун ийгиликтүү бекемдеди. Жакында эле алтын медаль утуп, үчүнчү дивизиондун "Б" тайпасынан "А" тайпасына көтөрүлгөн U20 жаштар курама командабыз чоң секирик жасады. Эми биз "жаңы муундун жылдыздары" деп атаган мушкерлердин беттешке чыгуусуна кезек келди", - деп белгилешти федерациядан.
Россия Ливанга 24 тонналык гуманитардык жардам жеткиргенин өлкөнүн ӨКМине таянуу менен РИА Новости жазды. "Ил-76 учагы жалпы жонунан 24 тоннага жеткен төртүнчү гуманитардык жүктү жеткирди, ичинде дары-дармек, азык-түлүк бар", — деп айтылат маалыматта. Гуманитардык операция РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0