Өстүрчү касиетке да, кыйратуучу күчкө да эгедер. Тил тууралуу айтымдар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУлуттук кийим кийип комузда ырдаган айымдар. Архивдик сүрөт
Улуттук кийим кийип комузда ырдаган айымдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул кыргыз элинде тил тууралуу айтылып келген түшүнүктөрдү чечмелеп берди.

Тизгин жаяр

Тил даам билүүчү дене мүчөсү болуу менен катар сүйлөө каражаты эмеспи. Бир кишиге, ошол эле убакта жалпы улутка таандык баалуулук, өзгөчөлүк тура. Ошол баалуулуктун бараандуу жагын тил боюнча адистер даңазалар, мен тилге байланыштуу кызыктуу айтымдар, түшүнүктөр тууралуу кеп салдым.

Тилек

Кишинин өзүнө, жакындарына же эли-журтуна болгон жакшы оюнун сөзгө жалганып айтылышы. "Тил" жана "эк" деген эки сөздөн туруп "тил" менен "эгүү" деген түшүнүктү берет. Андан сырткары тилдин жакшылыкты эгип жетилте турган сыйкыр дараметин да ачып берет. Тилдин жакшылыкты өстүрүүчү касиети бар экен. Анткени тилектер ишке ашат эмеспи. Ошондуктан кыргыз "жакшы тилек — жарым ырыс" дейт тура.

Тилдөө

Кишинин бирөөгө карата болгон ачуусунун ойго, ойдон сөзгө жалганып айтылышы. Орой, ачуу сөз. Алгач бир кишинин ички дүйнөсүндө чыңалуунун негизинде пайда болуп, анан башка кишиге катары шилтенген терс энергия. Демек, тилдөө – тилдин кара күчү. Аны уккан кишинин маанайы бузулат, алгач ызаланып анан ачууланат, капа болот. Ошол ачууланган кезинде ал дагы бирөөнү тилдеп салышы мүмкүн. Ошондо тилдин кыйратуучу да дарамети бар экен. Андан этият болмогубуз зарыл тура.

Тили тийүү

Бирөө менен уруша кеткенде ага карата ачуунун сөз менен берилиши. Ал сөздө айтылып жаткан кишинин кемчиликтери эске алынат. Бул да өз кезегинде капачылыкты алып келет. Таяк тийип кеткен сымал тилдин да тийип кетмейи бар экен да. Ошондуктан тил ээлери өз тилине абай салып, жөндөп турмагы эп экен го.

Тили кычышуу

Ырас, сүйлөсүн деп берген соң, ал да өз кызматын кылмакка дилгир тура. Коомдо өзүң көргөн көрүнүшкө же жагдайга карата сөз сүйлөнүп кетсе угуп турган сенин да тилиң кычышып, сүйлөйүн-сүйлөйүн деп обдулуп сөз айтып да жибермеги бар.

Тили чыгуу

Наристенин алгач өз оюн сөзгө жалгап айта башташы. Бала бир жаштан өтүп калганда көргөн-билгендин баары "тили чыктыбы" деп сурайт.
Жаңы келген келин да наристедей эле башка үйгө келип, аралашып жаңы жашоо баштайт эмеспи. Адеп келгенде көп сүйлөбөйт. Анткени бат аралашып кете албайт да. Бара-бара аз-аздан элге аралашат. Анан жүрө каяша да айтып, өз таламын талашканга жарай баштайт. Келиндин ошол учурун "тили чыгып калды" деп тамаша иретинде айтып калышат.

Тили узаруу

Тажаалданып көп урушуп калган кишиге карата айтылат. Тили узарып кеткен киши тилдин оң сыйкырына ээ боло албай, тилдин кара күчүнө алдырып жиберет. Оозунан оң сөз чыкпайт. Элдин баарына тили тиет. Ошондон улам элестүү тили узарып кетти деп коюшкан.
Герои кыргызских сказок - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Шайык баба, Жел кайып. Пирлер тууралуу кыргызча тест

Тилинен табуу

Жогоруда айткандай, тил чоң күчкө ээ. Анын оң жана терс кубаты каякты көздөсөң ошого жетелейт. Өзүңө, башкаларга жакшы тилек айтып, оң сүйлөп турсаң тилектин күчү жашооңду жарык, жакшы кылат. Анын терс кубатына алдырып, тилденип, тилиң узарып кете турган болсо, анда айланаңды ачуулуулар каптап, тирилигиңден береке учат. Андайда кыргыз тилинен тапты дейт. Жөнү жок кесирленип тилденгенди "тилиңден тап" деп койгону ошондон…

Тилин табуу

Ар бир кишинин табиятына ылайык жүрөгүнө жага турган сөздөрдү сүйлөп, орундуу сөзгө муютуу. Мурун баарлашуунун чеберчилиги катары бааланса, азыр, өкүнүчтүүсү, пайда табуу амалына айланды. Деген менен ар кимдин тилин таап, көңүлүн алып жашоого баарыбыз умтулсак уруш-талаш да болмок эместир.

Тилде сөөк жок

Бул өз кезегинде тилдин туруксуз экенин айтат. Анын да жаңылыштыгы барын ачыктайт. Албетте, жаңылыш сүйлөп алуу баарында бар. Ошону моюндап, тилде сөөк жок тура деп кайсы бир деңгээлде өзүн актоо иретинде колдонулат.

Тилден жаңылуу, жыгылуу

Буттан жаңылган – турат, тилден жаңылган – турбайт дешет. Анткени тил кишинин мөөрү. Ал чындыкты сүйлөөгө милдеттүү. Ошондуктан өз тилине жоопкерчилик ала билүү баарыбызга милдет.

Тишиң тилиңе күбө

Тилдин чындыгына ынануу. Анткени тилде сөөк жок, туруктуулугуна күмөнүм бар дегенде тишиң күбө болсун деп чындыкка ынануу.

Тилмеч

Бир тилден башка тилге которуп берген киши. Бир нече тил билген киши. Канча тил билсең ошончо жансың, тил билген – дил билет деп айтылып келет. Айрыкча дүйнө бир айыл болуп турган ушул учурда башка тилдерди да үйрөнүп кошо ала жүрүү абдан маанилүү.

Тилмер

Тилмерлик – дилдегини айттырбай туюнуу, телепатия. Тилдин өсүүдөгү жогорку баскычы. Ага киши аракет менен эмес, ааламга ачылуу аркылуу жетет. Кишинин эле тилмери эмес, куштун да тилмерлери жашап өткөн, эми болсо үндөшпөй эле сүйлөшүп жатып бири-бирибизди түшүнө албай кетмейибиз бар.

Тизгин жыяр

Өз тилибизге дыкат болуп, анын оң касиетин өзүбүз үчүн, эл-журтубуз үчүн иштетели. Бири-бирибизге тил тийгизүүдөн сак бололу. Тил үйрөнүп, аалам алаканда турган жашоодо көп тил билели. Өз кыргыз тилибизди жетик түшүнүп, барктайлы. Анан да тилмерликти ойготуу үчүн жан дүйнөбүздү аруулап, аң-сезимдик өсүүгө умтулалы!
Кишилер китептерди окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2020
Жети элдин тилин бил. Тил үйрөнгөн адамдын артыкчылыгы жана ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0