Энелер жасап келген интенсивдүү медитация. Кыргыз аялы өзүн кантип өнүктүргөн?

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимчен кызы менен аял. Архив
Улуттук кийимчен кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
Унчукпаган, мүңкүрөгөн, эрден коркуп кор болгон аял кыргыз табиятында болбосо керек. Антпесе, азыркы коомдогу ашкере билимдүү, ар окуяга өз пикири бар кыздар кайдан чыкмак дейт колумнист Шаакан Токтогул.
Абалкы кыргыз аялынын өзүн тарбиялоосу, руханий өсүүсү кандай болгон, назар салып көрөлү…

Тизгин жаяр

Ар доордун агымында, ар замандын закымында өз ырысын татып, өз өмүрүн өтөп кеткен кыргыз энелерибиздин жашоосун, аңдап билгенин, сезип туйганын билүү кызык да.
Абалкы кыргыз аялзаты, энелерибиздин жашоо образы, күнүмдүк турмушунан аздыр-көптүр кулакдарбыз. Жашоо шартына, дүйнө таанымына ылайык кийимдери, зерлери, жасалгасы, аземи, көркөм көрүнүшү өзгөчө экендигин, адептик жүрүм-туруму жогорку көрсөткүчтө болгонун да учкай билебиз.
Деген менен байыркы кыргыз коомунда аялзатынын өзүн-өзү реализациялоосу, руханий абалы, жан дүйнө тынчтыгы, көксөөсүн суутуп көздөгөнүнө жетүүсү кандай, канчалык деңгээлде ишке ашканы тууралуу соболдор жаралат. Ал суроолорго жооп табуу үчүн андан ары ой чубап көрөлү…

Кыз конок

Кызы бар ар бир ата-эне кызын төргө отургузуп, кийимин көрктүү кийгизип (башынан бутуна чейин), ашын кынаптап ичкизип, эркелетип, эрки бекем кылып чоңойткон. Кыз баланын табияты эмнеге шыктуу болсо ошону менен алек болушуна шарт жараткан. Айталы, күлүк минип жаа тартканга ыктуу болсо жоокердик өнөргө машыктырган. Байыркы заманда болоттой курч, эр мүнөз тукум уланышы ар бир кыргызга маанилүү эле. Андай тукум бүжүрөп бетин каткан кыздардан эмес, көзгө тик багып, оюн айткан өтүмдүүлөрдөн төрөлмөк да (азыркы илим далилдеп жаткан эненин акыл-эсин, мүнөзүн бала көбүрөөк тартары чын да).
Кыз бирөөгө бүлө болот, өз үйүндө конок дешип аздектеп, ардактап, кадырлап, сыйлап чоңойтушкан.

Сезимин ойготуучу оюндар

Анткен менен ириде анын табиятын эске алып, ийкемдүүлүккө тарбиялаган. Наристе кезинен ыкчам, шамдагай, кол билги болсун үчүн топ таш, беш таш, кан таламай сындуу оюндарды ойнотуп (3-7 жаш аралыгы) ошону менен катар элгенчи болуп калганында эле чий куурчак жасап, өзүн кошо жасатып эне болуу арзуусун, ички мээримин ойготушкан.
Сайма сайдырып, үй оокатын жасатуу ал турган иш.
Ашкере сезимталдыгын ойготуу үчүн селкинчек тептирген. Табиятка жакын кылган.
Секелек, беш көкүл кыздар (10-14 жаш) чогулуп алып бири-биринин чачын өрүп, кийим алмаштырып кийип, өзүнчө көшөгө тартышып, үй көчүрүү ойношкон. Бул оюн менен жаштык делебеси козголуп, жаштык ышкы ойгонуп, ички дүйнөсүндө турмуш курууга даярдык башталган.

Кыз оюн

Кыздын табиятында өзгөчө орунга ээ жагдай — кыз оюн. Ага алгач бой тартып калганда (14-15 жаш) аралаша баштаган. Кыз оюн өз табиятын сезип туйганга, миң түрлүү, миң кырлуу эмоцияларды татканга шарт жараткан. Жактыруу, жактырышуу болгон. Таанышкан, табышкан, умтулган, умсунган, кол сунган, антташкан.
Ал эле эмес, сөзгө чебери сөз өнөрүн көрсөткөн. Акыйнектешкен, жамакташкан, чымчыкейлешкен, табышмакташкан, тамашалашкан. Ырга шыктуусу ырдаган, күүгө шыктуусу күү черткен. Кыз-келиндер негизинен темир комуз кагышкан жайы бар. Жаштыктын шарданасын кыз оюндарда жашап, жаштык кумарына батышкан.

Келин болгондо

Көрктүү кийинип, көркөмүн арттырып, кериле басып жүрүү, өз боюнан кумарлануу келиндик кербез кезди жашоо арзуу болгон. Анткени келинди кут катары кабыл алып, кырк күн көшөгөдө багышкан. Анан коомчулукка аралаштырып, барктап мамиле кылышкан. Сыйга сый болгондой эле өзүнө үзүлүп түшө мамиле кылган кайындарына алардан өтүп сый кылгысы келген келин да.
Келин кези кете электе (балалуу болгонго чейин) кыз оюндарга барып, өнөрү болсо өнөр көргөзүп, селкинчек тээп, суу бойлой басып, ойноп оюну канган. Аны ойноп жатат деп эч ким айың кылган эмес.
Улуттук кийимчен айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү

Бешик ыры

Балалуу болгондон тартып токтолуп, ойлонуп баштаган. Ар бир аялдын өз бешик ыры жаралган. Ал ырында баласына деген изги тилеги камтылган. Бешик ыры күндө кайра-кайра ырдалып отуруп сыйкыр дубага, ак батага айланган.
Бешик ыры менен аялдын чындап жаратканга жалбаруусу, жалгануусу калыптанган.

Кошок

Ар бир аял кошок кошо билген. Албетте, кошок эки жагдайда кошулган. Кыз узатканда, о дүйнө узатканда. Эки жагдайда тең бейтааныш дүйнөгө кошуу, тааныштыруу, табыштоо милдетин аткарат.
Кызыгы, жогоруда айткандай, ар бир кыргыз кызы кошок кошо алган. Демек, акылы тунук болгон, эси бар болгон. Ар кандай кырдаал жагдайга өзүнүн ою пайда болгон. Ааламдын ыргагына туюнган, ошол оюн көркөм ыргакта жеткире алган. Кошок менен ичиндеги муңун, ызасын, зарын, ички күчүн кошо чыгарган.
Кыргыз дүйнө таанымында ак-карага тең бол, оң-солго тең кара дейт. Аны жаштайынан туура кабылдап, киши өз ыргагында болгон. Чын дилден сүйлөгөн, чын дилден мамиле жасаган, чын дилден ырдаган. Ошондуктан кошок кошкондо да күйүт, аны ташыган үн ичинен чыккан, угуп тургандарга жеткен, сиңген.

Кыргыз аялы медитация кылганбы?

"Жумуш кылсаң мудаа кыл, иштей көрбө илдекер" деп Токтогул ырдагандай, "көңүлүңдү келтирип жаса", "чын дилден жаса" деген сөздү чоң эне, таенелерибизден угуп калдык. Бала элек, бизге иштин бүткөнү эсеп эле. Чын дилден жасоону анчалык аңдабаптырбыз.
Ал көрсө ар бир кыргыз аялы ар ишти кынаптап жасап, кылдат жасап, жан дилин кошуп, чын ниетин салып, изги тилегин жууруп, ошол иши менен тунуп, медитация кылчу окшобойбу. Азыркы руханий практиктер сунуштап жаткан интенсивдүү медитацияны кыргыз энелер жасап жүргөн тура.
Айрыкча жаргылчак тартуу менен ааламдык чоң сүйүүнү, кут берекени тартып келип, үй-бүлөсүнө таратып, айран менен кутун кошо уютуп, ийик менен оң энергияны ичке имерип, өзүндөгү, жубайындагы жагымсыз сапаттарды кийиз менен кошо басып, жүн менен кошо сабап… Айтор, терс энергияны оңго буруп, айкырып, кыйкырып кутун качырбай, тажаалданып терс энергиясын айланага таратпай, аракет менен кошо өзүн байкоо аркылуу ички тынчтыкка, жан дүйнө тынчтыгына келүү сындуу мурдатан боло келген тажрыйбаны жасап келишиптир.

Таңынан түнүнө

Кыргыз аялзаты таңында күн нурунан кубат алып, изги тилегин айтып, жаман түшүн сууга айтып, жүзүн суу менен учуктап, тазалап, ак тилегин кошуп даам жасап, түнүндө Айдан кубат алып, жаңырган Айга, толгон Айга тилек айтып, жаман оюн, суук көз, суук сөздү каран түнгө табыштап, жатканда жаратканга жалбарып, бактысын коргоп, жакшысын ашырып, жаманын жоюп, тилеги менен арууланып, айланасын да аруулап жашаган тура.
От менен тазалап, арча менен аластап, жаңы конушка барса төрт тарабына жүгүнүп, тооп кылып, көчкөн журтка ыраазычылык билдирип мизилдете тазалап, жети ата, жети энеге, жер ээлерине, кайып пирлерге атап жыт чыгарып, кырсык тооруса жети токоч Баабедин жасап, жакшылык болсо тогуз токочун жасап жыт чыгарып, элге-журтка жамандык, жакшылык келгенде кырк токочун жасап жыт чыгарып, чечилбеген иш болсо, аткарылбаган тилек болсо мазар тайып, жаратканга жалынып… Ушул аракеттери менен, ак тилеги менен, чын батасы менен жакшыны чакырып, жаманын качырып, ооматын оодуруп, кырсыгын буттан чалып, ток назарын боюна сиңирип, ач назарын алыс кууп, аң-сезимдүү түрдө жаратканга жакын болуп, өзөгүндөгү жараткандын демин ойготуп кылдат жашап келген тура…

Тизгин жыяр

Кыргыз аялы болуу өзү эле ойдун тазалыгы, бойдун тазалыгы, пейилдин тазалыгы, нээттин тазалыгы, табият менен ынактык, жаратканга жакындык, өзүңдү таануу, өзөгүңдү ойготуу, акылды тундуруу, эс менен жашоо турбайбы.
Өнөрү болсо аны бапестеп таптаган. Алсак, бири саймачы, бири уз, бири оймочу, бир өрмөчү, ар өнөргө шыктуусу, ыктуусу да болгон. Бирок ар бир кыргыз аялы дилин кошуп ырдай алган, темир комуз кага алган, орундуу, көркөм сүйлөй алган… Өзүн киши катары калыптап, каадалуу жүргөн, нарктуу жашаган.
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
Жаңылыктар түрмөгү
0