Филология илимдеринин кандидаты, котормочу. 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Сару айылында туулган. 1985-жылы Магнитогорск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. Университетте кыргыз тили, манас таануу, маданий антропология боюнча сабак берген. Лингвистакалык антропология жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 30га жакын макалалардын автору, кыргыз тили боюнча окуу куралын түзгөн жана англисче-кыргызча академиялык сөздүктүн түзүүчүлөрүнүн бири. Бишкекте жашайт.