Швейцариялык досум жаңы жылга карата мекенине кетер алдында досторун кечки тамакка чакырып, 12-15 киши барып калдык. Арабызда бир да орус тилдүү жок, баары тең же чет элдик, же кыргыз экенбиз. Бирден стакан колубузга кармап эле ары-бери басып сүйлөшүп жүрөбүз, албетте, орусча же англисче эле сөздөр угулат. Бир маалда ашканада муздаткычка жабыштырылган бир тоонун кичинекей сүрөтүн көрүп калган Мадлен (англиялык) үй ээси Биатриске кайрылып:
— Бул кай жер? Кыргызстанбы? – деп кыргызча сүйлөп калды.
— Жок, менимче, башка жер.
— Кыргызстан эле го. Бирок Баткенге окшобойт, — деди кайра Мадлен.
— Билбейм, иши кылса, бирок бул жак эмес, — деди Биатрис.
Байкасам, баары тымтырс болуп экөөнү карап турушуптур. Ошондо мен күлүп:
— Бул жерде жалгыз кыргыз экөөң экенсиң дегем…
Бирок орус тили боюнча сабакка аябай берилип даярданып, турмуштук, кептик жагдайларды тез эле ойлоп таап, диалог түзүп, көнүгүүлөрдү, ал тургай, оюндарды да канчалык оңой ойлоп тапсам, кыргыз тилине даярданыш мага ошончолук кыйын болду. Мойнунан тарткан итче эле эптеп бир нерсе жасап барам…
Бирок студентим мен бергендин баарын орусча да, кыргызча да эч нерсесин койбой өздөштүрүп алып жатты. Албетте, тилин такшалтып, окуганын кепте колдонуу жагынан орус тилинде ага оңой болду дечи. Бирок кыргызча да учурашып, базарда соодалашып жүрдү, ал тургай, бир жолу милиция менен да айтыша кетти: "Мен кайдан билем" деп.
Алты айдан ашык сабак берип жүрүп далай нерсени өзүмө өзүм үйрөтүп, көп нерсени ойлондум. Көрсө, кыргыз тилине даярданып, аны окутканы келгенде мага "бутун тосуп" жолтоо болгон нерсе – бир ой болгон экен. Ал: "Бул кыргыз тилди эмне кылат, орусча эле окуса жетет эле да" деген ой эле. Анан дагы кыргыз тилинин маанисине, күчүнө, байланыш куралы боло алышына кыргыз болуп туруп өзүмдүн ишенбестигим да көп тоскоол болуптур. Муну түшүнүп, өз эне тилиме мамилемди өзгөрткөндө, аны бир чет элдик студентим айткандай "экзотика көрбөй", жөн гана дүйнөдөгү көп тилдин бири деп карай баштаганда гана аны башкаларга оңой үйрөтүп калдым.
Дагы бир окуя
Баягы эле Биатрис деген швейцариялык досум экөөбүз базарга барып калдык. Бир нерсенин баасын сурайын деп сатуучунун жүзүн карабай эле: "Бул канчадан?" деп калдым. Жооп болбогон соң, башымды өйдө кылып, сатып турган аял орус экенин көрө сала: "Извините" дедим да, суроомду кайра орусча бердим. Бери чыкканда эле Биа: "Өз жериңде жүрүп, өз тилиңде сүйлөгөн үчүн да кечирим сураш керекпи? Кандай немесиңер деги, такыр түшүнбөйм" деп урушуп кирбеспи. Мен болсо: "Мен үчүн ал түшүнсө болду да. Кыргызча билбесе эмне кылайын, сатып албай калайынбы?" демиш болдум. Бир аз бугубуз чыккандан кийин бул окуянын тегерегинде көп сүйлөштүк. Биатрис тил саясаты жөнүндө адис, анын үстүнө өзү көп тилдүү өлкөдөн болгондуктан, бул маселе боюнча билими чоң эле. Аны менен сүйлөшүп отуруп, мурдагы көнүмүш болуп каныма сиңип калган көп нерселерди башка жагынан карап көрдүм.
Орус тилин жакшы көрөм, бул тил аркылуу көп нерсени билип, дүйнөгө көзүм ачылып дегендей, орус жеринде беш жыл билим алгам. Анан калса, бир да тил башка тилдерден өйдө же кем эмес деген терең ишеничим бар.
Баса, жакында прездент Атамбаев Кувейтке жасаган сапарында араб дүйнөсүнүн алдында өз эне тилинде сүйлөгөнүн угуп, кубандым, ичим аябай жылыды. Менин билишимче, мурдагы президенттер чет элдик сапарларында эч качан кыргызча сүйлөшкөн эмес. Жаңылышсам, оңдоп коёрсуздар…