Казакстандын аскер кампасында жарылуу болду. Жүрөк үшүн алган видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОперативно-стратегические учения "Ладога-2009"
Оперативно-стратегические учения Ладога-2009 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Казакстандын Коргонуу министрлиги жарылуу жана өрт кырсыгы аскер бөлүктүн аймагында болгонун тастыктады.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусундагы аскер кампасында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлкөнүн Коргонуу министрлиги окуя Байзак аймагында болгонун билдирген.

“Жамбыл облусуна караштуу Байзак аймагындагы аскер бөлүктө саат 19:00дөр чамасында кампалардын биринде өрт чыккан. Анын кесепетинен белгисиз каражаттар жарылган. Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттү өчүрүү уланып жатат. Кырсыктын келип чыккан себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0