Алматы: мас айдоочу блокпостту сүзүп, ошол жердеги эки полиция көз жумду. Сүрөт

Жазылуу
BMW автоунаасын айдаган 28 жаштагы жаран бетон тосмону сүзүп, андан кийин  Кайгуул кызматынын автокөлүгү менен кагышкан. 

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында айдоочу блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майда, таңга жуук калаадагы Көксай кичи районунда орнотулган  №4 блокпостто болгон.

BMW автоунаасын айдаган 28 жаштагы жаран бетон тосмону сүзүп, андан кийин Кайгуул кызматынын автокөлүгү менен кагышкан. Берки машинанын ичинде эки полиция болгон. 

© Фото / ТОО “Медиа-центр органов внутренних дел Республики Казахстан”Көз жумган полиция кызматкерлери Жарас Жангазиев жана Дастан Абдыканов
Алматы: мас айдоочу блокпостту сүзүп, ошол жердеги эки полиция көз жумду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Көз жумган полиция кызматкерлери Жарас Жангазиев жана Дастан Абдыканов

42 жаштагы кызматкер Жарас Жангазиев Тез жардам келгенге чейин алган жаракатынан улам көз жумган. Анын кесиптеши Дастан Абдыканов өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок эсине келбей ал дагы каза болгон.

Айдоочу камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. Полициянын айтымында, ал мас  болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0