БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында айдоочу блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майда, таңга жуук калаадагы Көксай кичи районунда орнотулган №4 блокпостто болгон.
BMW автоунаасын айдаган 28 жаштагы жаран бетон тосмону сүзүп, андан кийин Кайгуул кызматынын автокөлүгү менен кагышкан. Берки машинанын ичинде эки полиция болгон.
42 жаштагы кызматкер Жарас Жангазиев Тез жардам келгенге чейин алган жаракатынан улам көз жумган. Анын кесиптеши Дастан Абдыканов өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок эсине келбей ал дагы каза болгон.
Айдоочу камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. Полициянын айтымында, ал мас болгон.