00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстанда Астананын атын өзгөртүүгө каршы митинг өтүп, ондогон киши кармалды

© REUTERS / Shamil ZhumatovКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциялары Астана менен Алматы шаарында өткөн.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Казакстандын полициясы Астана менен Алматы шаарларында борбор калаанын атын алмаштырууга каршы жана демократиялык реформаны талап кылып митингге чыккандардын ондогон катышуучусун кармады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Бейшемби күнү сот тарабынан экстремисттик деп табылган "Казакстандын демократиялык тандоосу" оппозициялык кыймылынын лидери Мухтар Аблязов өлкөнүн булуң-бурчундагы тарапташтарын митингге чыгууга чакырган.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астананын Нурсултан болуп өзгөрүшүн Назарбаев кандай кабыл алган
РИА Новости агенттиги митингге канча киши чыкканы жана канчасы кармалганы тууралуу расмий маалыматтарды ала алган эмес.

Астанадагы митинг "Шапагат" соода үйүнүн жанында болгон. Чогулгандар өздөрүнүн саясий талаптарын айтып, Астананы Нурсултан кылып алмаштырууга каршы экенин билдире баштаганда полиция кызматкерлери активдүү катышуучуларды кармап кеткен.

Казакстанда 21-марттан 23-мартка чейин Нооруз майрамы белгиленгендиктен бул күндөр эс алуу деп жарыяланган. Митинг башталар алдында акция өтө турчу жерде жаштардын атайын тобу пайда болуп ырдап-бийлешкен. Алар ошондой эле журналисттердин камераларын жаап, иштөөсүнө тоскоолдук жаратып, "жакшы гана нерсени көрсөткүлө" деп талап коюшкан.

Ал эми Алматы шаарында митингге чыккандар Панфилов менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган.

"Демилгелүү топ муз аянтчасына Денис Тендин (киши колдуу болгон көркөмдөп муз тебүүчү спортчу — ред.) атын ыйгарууну сунуштап келет. Бул чечимди өлкөнүн бардык тургундары колдогону менен дагы деле ишке ашпай келе жатат. Бирок борбор калаанын атын өзгөртүүгө көпчүлүк каршы экенине карабай, ал чагылгандай тездик менен жүрүүдө", — дейт митингдин катышуучуларынын бири.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нурсултан деп алмаштырууну сунуштап, аны парламент колдоп берген. Кийинки күнү борбор калаанын атын өзгөртүүгө каршы болгондорду полиция кармай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0